ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдин Газадагы бир үйгө жасаган чабуулунда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болду
Кол салуудан ата-эне жана эки кызы каза болду.
Израилдин Газадагы бир үйгө жасаган чабуулунда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болду
(АРХИВ) Израилдин Газадагы бир үйгө жасаган чабуулунда бир эле үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду / Anadolu Agency (Wire)
 

Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу келишимине карабастан, Израилдин аскерлери жасаган чабуулдан бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болуп, көп сандаган адам жаракат алды.

Аш-Шифа ооруканасынын кызматкерлери кол салууда каза болгон ата-эне жана эки кызынын сөөгү, ошондой эле жаракат алган адамдардын ооруканага жеткирилгенин билдиришти.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, Израилдин тик учагы Газа шаарынын батышындагы Аш-Шати качкындар лагеринде жайгашкан турак үйдү кеминде бир ракета менен бутага алган. Натыйжада бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болуп, башкалары жаракат алды.

2025-жылдын 10-октябрында күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишимине карабастан, Израилдин аскерлери Газа тилкесине карата чабуулдарын улантууда.

Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден бери Израилдин чабуулдарынан 1 679 палестиналык каза болуп, 6 100 адам жаракат алды.

Ал эми 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун жалпы саны 74 746га жетип, жаракат алгандардын саны 176 234кө жетти.

Иликте
Бенгази портундагы дрондук чабуулда жаракат алган эки ливиялык жоокер каза болду
Axios: «Anthropic жана OpenAI азырынча жарыяланбаган алда канча өнүккөн ЖИ системаларына ээ»
Украина: "Орусиянын Запорожьеге кол салуусунан 2 жаран каза болуп, 41 адам жаракат алды"
Изилдөө: "Германияда көпчүлүк Украинага аскердик жардамга каршы"
"Газпром" Кытайга жаңы жаратылыш газын жеткирүү боюнча даярдыктарды аяктап жатат
Россия: «Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча түшүнүк бар»
Иран: "Ормуз кысыгында дагы бир мунай танкери деңиз миналарына урунуп, өрттөнүп кетти"
БУУ: "2025-жылы жакын адамдары тарабынан өлтүрүлгөн аялдардын көрсөткүчү жогору бойдон"
Иран парламентинин cпикери: 7 шарт аткарылмайынча эч кандай кадам ташталбайт жана сүйлөшүү болбойт
Иран: "АКШнын деңиз блокадасын аскердик жол менен буза турчу кадамдарды жасайбыз"
Данияда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынууда
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"