Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф АКШнын деңиз блокадасын аскердик жол менен бузуунун жолдору бар экенин жана алар жакында бул багытта кадамдарды жасай турганын айтып, өлкөсүнүн "согуш да, тынчтык да эмес" кырдаалынан чыгуунун жолу утуруктуу сестентүүчүлүккө жетүү экенин кошумчалады.
Фарс маалымат агенттигинин кабарына караганда, Галибаф 3-Медиа Кубогу иш-чарасынын жабылыш аземиндеги сөзүндө душмандын "согуш да, тынчтык да эмес" шарттарын Иранга таңуулоо менен өлкөнү алсыратуучу процесске сүйрөгүсү келип жатканын айтты.
Галибаф: "Блокаданы (АКШнын деңиз блокадасын) аскердик жол менен бузуунун жолдору бар. Биз жакында бул багытта кадамдарды жасайбыз", - деди.
Багер Галибаф азыркы "согуш да, тынчтык да эмес" кырдаалынан чыгуунун жолу туруктуу сестентүүчүлүккө жетүү экенин жана муну өлкөнү бекемдөө менен гана ишке ашырууга болорун билдирди.
Иран парламентинин төрагасы өлкөнү чыңдоонун негизги аспектилеринин бири илимди натыйжалуураак кылуу жана аны технология аркылуу өзгөртүү экенин баса белгиледи.















