2025-жылы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 47 миң аял жана кыз-саатына орто эсеп менен беш адам өздөрү тааныган адамдардын колунан каза тапкан.
БУУнун Аялдар түзүмү жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) отчетуна ылайык, жакын өнөктөшү же үй-бүлө мүчөсү тарабынан өлтүрүлгөн аялдар менен кыздардын саны бир канча жылдан бери 45 миңден 51 миңге чейин өзгөргөн.
Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө карата жарыяланган отчетто өткөн жылы аялдарга карата 78 миңдей атайылап киши өлтүрүү катталганы белгиленди. Булардын 60 пайызын түзгөн 47 миңге жакыны тааныган адамдар тарабынан жасалган.
122 өлкө жана аймактын статистикасына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, бул көрсөткүч күн сайын орто эсеп менен 129 аял жана кыз жакын өнөктөшү же үй-бүлө мүчөсү тарабынан өлтүрүлөрүн билдирет.
Отчетто 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү киши өлтүрүүлөрдүн курмандыктарынын 19 пайызын аялдар түзгөнү белгиленген. Ошол эле учурда аялдардын 60 пайызы үй-бүлөсүндө же жакын чөйрөсүндө өлтүрүлсө, эркектер арасында бул көрсөткүч 11 пайызды түзгөн.
Бир дагы аймак бул көйгөйдүн тышында эмес
Жабырлануучуларга тааныш адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын эң көбү Африкада катталган (22 100 учур). Андан кийин Азия (15 100), Америка континенти (7 400), Европа (2 100) жана Океания (300) турат.
Отчетто дүйнө жүзү боюнча кылмыш катнашы азайса да аялдарды өлтүрүү катнашы өзгөчө Америка континенти менен Еврпада жай азайып жатканы көңүлдөрдү бурууда.
БУУнун маалыматы боюнча, бул көрүнүш «мындай кылмыштардын коомдук нормаларга жана гендердик стереотиптерге терең тамыр жайганын» көрсөтөт. Ошондой эле аялдар менен кыздардын сот адилеттигине жетүүсүнө тоскоол болгон өзгөчө кыйынчылыктардын бар экендигин айгинелейт.
Отчетто үй-бүлөдөн жана жакын чөйрөдөн тышкары жасалган аял өлтүрүүлөр боюнча маалыматтардын чектелүү экени да белгиленген. Бул жагдай азырынча аталган көрүнүштүн аймактык жана дүйнөлүк масштабын толук карап чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.














