Германияда жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, өлкө калкынын басымдуу бөлүгү тышкы саясатта этият мамиле жасоону жана Украинага көрсөтүлүп жаткан аскердик жардамды кыскартууну жактайт.
Körber Foundation жана Forsa изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо Украинага аскердик колдоо көрсөтүүгө каршы болгондордун үлүшү бир жыл ичинде 14 пайызга өсүп, 53 пайызга жеткен. Ал эми респонденттердин 46 пайызы Киевге аскердик жардам көрсөтүүнү колдогон.
Ошондой эле катышуучулардын 50 пайызы Украинанын Россияга каршы коргонуусу Германиянын жана Европанын коопсуздугун да камсыздайт деген пикирге кошулса, 48 пайызы бул көз карашка каршы экенин билдирген.
Россия тарабынан уюштурулган деп эсептелген гибриддик чабуулдарга Германия кандай жооп кайтарышы керектиги боюнча сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы «конкреттүү жана чечкиндүү каршы чараларды көрүүнү» колдосо, 46 пайызы «этият мамиле жасоону» жактаган.
Ал эми сурамжылоого катышкандардын 61 пайызы Германия менен Европанын Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатканына ишенерин билдирген.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 82 пайызы Россияны аскердик коркунуч катары кабыл аларын билдирген.
Буга карабастан, немистердин көпчүлүк бөлүгү өлкөнүн Европада аскердик лидерлик ролду өзүнө алышына каршы. Респонденттердин 64 пайызы мындай демилгени колдобосо, 35 пайызы аны жактаган.














