Орус армиясынын Украинанын Запорожье шаарына жасаган аба соккусунан эки жайкын тургун каза болуп, 41 адам жаракат алды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын (DSNS) социалдык медиа аккаунтунда жарыяланган билдирүүдө, Орусиянын кечинде Запорожье шаарын бутага алганы айтылды.
Билдирүүдө шаардагы айрым көп кабаттуу үйлөргө кол салуу болуп, окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери башталганы белгиленди.
Учурдагы маалыматка ылайык, кол салуунун натыйжасында 2 жайкын тургун каза болуп, 41 адам жаракат алганы кабарланды.
Ошондой эле орус армиясы Житомир аймагына да кол салып, 6 адам жаракат алганы билдирилди.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын социалдык медиа аккаунтунан алынган жазуу жүзүндөгү билдирүүдө, Орусия тарабынан өлкөгө учурулган 96 учкучсуз учуучу аппараттын (УУА) 73ү жок кылынганы айтылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Украинадагы трансформатор станциясына жана кемеге сокку ургандарын маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүндө орус армиясынын Украинадагы буталарга учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен чабуулдарын улантып жатканы айтылды.
Билдирүүдө: "Түн ичинде Чернигов облусундагы Прилуки конушунда аскердик өнөр жай объектилерин иштетүүчү трансформатор станциясына жана деңизде аскердик жүктөрдү ташыган кемеге сокку урулду", - деген сөздөр камтылды.














