Ирандын Революциялык гвардия корпусу Ормуз кысыгында «уруксатсыз багытты» колдонду деп ырастаган дагы бир мунай танкери деңиз миналарына урунуп, өрттөнгөнүн маалымдады.
Революциялык гвардия корпусунун Аскер-деңиз флоту жазуу түрүндө жарыялаган билдирүүсүндө, эртең менен Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан мунай танкеринин деңиз миналарына урунганы айтылды.
Танкер Иран тарабынан «жасалма жана уруксатсыз» деп эсептелген багытта баратканы жана деңиз миналарына урунгандан кийин жарылып өрттөнүп кеткени кабарланды.
Ошондой эле билдирүүдө бул кемедеги жарылуудан кийин ушул элебагытта бараткан дагы эки мунай танкери Революциялык гвардия корпусунун Аскер-деңиз флотуна караштуу Ормуз кысыгынын кыймылын көзөмөлдөө борборунун эскертүүсүнөн соң Фарс булуңуна кайтып кеткени белгиленди.















