ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
2022-жылы каза болгондордун саны 6061 болсо, 2025-жылы 24650гө чейин көбөйгөнү катталган.
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
Блокададагы Газа тилкесинде суу кризиси уланууда (АРХИВ) / Anadolu Agency (Wire)
 

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Мунир аль-Бурш 2025-жылы Газада Израилдин чабуулдарынан жана оорулардан улам каза болгондордун саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп болгонун жарыялады.

Социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Бурш аймакта ден соолук жана экологиялык кризистин тереңдеп баратканын, менингит ооруларынын көбөйүшү жана ичүүчү суунун булганышы менен күчөп баратканын эскертти.

Ал 2022-жылы Газада каза болгондордун саны 6061 адам болсо, 2025-жылга келгенде 24650гө чейин көбөйгөнүн,  анын ичинде Израилдин чабуулдарынан, оорулардан жана кырсыктардан каза болгондор бар экенин белгиледи.

Бурш канализация системасынын бузулушу жана агынды сууларды тазалоочу жайлардын иштебей калышы, ошондой эле агынды суулардын ичүүчү сууну жамгыр суусу менен булгашы оорулардын жайылуу коркунучун жогорулатканын эскертти.

Бурш суу жана санитария инфраструктурасынын бузулушу инфекция коркунучун жогорулатаарын, начар тамактануу балдарды ооруга көбүрөөк дуушар кыларын, ал эми ооруканалардын иштебей калышы жана дары-дармектердин жетишсиздиги өз убагында диагноз коюуну жана дарылоону кыйындатарын баса белгиледи.

Бурш Эл аралык коомчулукту, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун (ДССУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондун (ЮНИСЕФ) аймакка суу жана санитардык тармактарды оңдоо үчүн күйүүчү майдын жана жабдуулардын киришин камсыз кылуу жана тазалоочу жайларды ишке киргизүү боюнча чараларды көрүүгө чакырып, жер которгон үй-бүлөлөр үчүн сууну дезинфекциялоочу материалдарды жана гигиеналык комплекттерди, ал эми ооруканалар үчүн лабораториялык жабдууларды жана дары-дармектерди берүүнү суранды.

Бурш: «Газадагы баланы коргоо таза суудан жана ооруп калганда аларды текшерип, дарылай турган ооруканадан башталат», - деп билдирди.

Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ аймакта менингит ооруларынын адаттан тыш жана тынчсыздандыруучу көбөйүшү байкалганын жарыялады.

Иликте
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Израиль Газанын түштүгүндө ХАМАСтын жогорку даражалуу командирин өлтүрдү
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду