Украина президенти Владимир Зеленский Ливиянын жээгинде орусиялык "MV ANGARA" жүк ташуучу кемесине жана Орусиянын деңиз флотуна таандык "Merkuriy" корветине чабуул койгондорун жарыялады.
Социалдык медиадагы постунда Владимир Зеленский орус армиясынын Украинага чабуулдарына жооп кайтарууну улантып жатканын билдирди.
Зеленский Украинанын Коопсуздук кызматы (SBU) жана коопсуздук күчтөрү Ливиянын жээгинде орусиялык "Merkuriy" корветине кол салып, кеме чөгүп кеткенин кабарлады.
Зеленский өз билдирүүсүндө: "Корвет менен бирге "Ка-27" согуштук тик учагы да жок кылынды", - деди.
Ливиянын жээгинде Орусиянын MV ANGARA жүк ташуучу кемесине да кол салуу болгонун белгилеп, жалпысынан Украина өндүрүшүндөгү 7 капитансыз деңиз аппараты колдонулганын кошумчалады.
Жүк ташуучу кеме Орусия тарабынан курал-жарак ташуу үчүн колдонулуп жатканын жактаган Владимир Зеленский кол салууларды көрсөткөн видеотасмаларды да бөлүштү.















