Орус армиясынын Украинанын Киев жана Днепропетровск аймактарына багытталган аба соккуларынан 14 адам каза болгону кабарланды.
Мурунку түнү борбор калаа Киевден 45 км түндүктө жайгашкан Димердеги беш кабаттуу имаратка жасалган чабуулдан каза болгондордун саны 10го жетти. Киев облусунун аскер губернатору Тимур Ткаченко Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө урандылардын астында издөө иштери уланып жатканын айтты.
Ткаченко ошондой эле куткаруучу топтор урандылардын астынан бир баланы жана 79 жаштагы аялды тирүү алып чыкканын белгиледи.
Супермаркет бутага алынды
Вышнево шаарында орусиялыктардын супермаркетке кол салуусунан үч бала каза болуп, 15 адам жаракат алды. Ошондой эле аймактагы бир үйгө жасалган чабуулдан дагы бир адам каза тапканы кабарланды.
Бул кол салуулар Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Крым көпүрөсүнө жакында жасаган чабуулдарына "катуу" жооп кайтарарын айткандан кийин болду.















