ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Грек басма сөзү электрондук согушту «Түркия чоң ийгиликтерге жетишкен тармак» деп мүнөздөдү.
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Греция менен Израиль болжол менен 1 миллиард евролук жаңы коргонуу пакети боюнча сүйлөшүү үстөлүнө отурду. / َAA
 

Грециянын “Катимерини” гезитинин маалыматына караганда, Греция менен Израиль болжол менен 1 миллиард еврого бааланган жаңы коргонуу пакети боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кабарга караганда, пакетке 400 чакырым аралыкка уча турган LORA баллистикалык ракеталары жана аба күчтөрүнүн машыгуу борборунун кеңейтилиши кирет.

Гезит тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатканын жана азырынча так макулдашууга жетишиле электигин жазды.

Сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү бөлүгүн электрондук согуш системалары түзгөнү баса белгиленген кабарда электрондук согуш “Түркия чоң ийгиликтерге жетишкен тармак” катары мүнөздөлүп, Грециянын Куралдуу күчтөрү бул жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнү максат кылып жатканы айтылды.

Гезит ошондой эле Афина Израилдин электрондук согуш колдонмолоруна жана аларга каршы чараларына жетүү аркылуу Түркияга каршы ылайыктуу системаларды иштеп чыгууну көздөп жатканын да белгиледи.

Эки өлкө август айында болжол менен 3 миллиард евролук “Ахиллес калканы” абадан коргонуу макулдашуусуна кол койгон.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды