ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Axios: «Anthropic жана OpenAI азырынча жарыяланбаган алда канча өнүккөн ЖИ системаларына ээ»
АКШда жайгашкан Anthropic жана OpenAI аттуу жасалма интеллект компаниялары өз алдынча иштелип чыккан, бирок азырынча коомчулукка жарыялана элек алда канча өнүккөн жасалма интеллект моделдерине ээ экени айтылды.
Axios: «Anthropic жана OpenAI азырынча жарыяланбаган алда канча өнүккөн ЖИ системаларына ээ»
Axios: "Anthropic жана OpenAI азырынча жарыялай элек кыйла өнүккөн жасалма интеллект системаларына ээ" / Reuters (Wire)
 

Axios компаниялардын ички талкууларынан кабардар булактарга шилтеме жасап билдиргендей, эки компания тең ачык сунуштаган моделдерге караганда алда канча өнүккөн системаларга ээ, бирок бул моделдердин коопсуз колдонулушун жана көзөмөлдө болушун камсыз кылуу үчүн күрөшүп жатышат. 

Булактар ​​математика, илим, киберкоопсуздук жана жасалма интеллект изилдөөлөрү сыяктуу тармактарда тез өнүгүп жаткан ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрү бар моделдерди башкаруу барган сайын кыйындап баратканын, ал тургай компаниялардын өздөрүнүн ички сыноолорунда да кыйындаганын билдиришти. 

Компаниялардын жана жасалма интеллект изилдөө коомчулугунун ичинде келечекте иштелип чыккан эң өнүккөн моделдерди ачык эмес, ички гана колдонуу же жаңы моделдерди окутууну толугу менен токтотуу варианттары каралууда. 

Axios менен сүйлөшкөн бир изилдөөчү эгерде моделдер адамдардан акылдуураак болуп иштелип чыга берсе, алар адамдарды ийгиликтүү алдай алат деп ырастады. 

Изилдөөчү бул этапта учурдагы коопсуздук ыкмалары натыйжасыз болуп калышы мүмкүн деп билдирди. 

Өркүндөтүлгөн моделдер ой жүгүртүү процесстерин анча көрүнбөй тургандай кылып, кээ бир учурларда адам текшерүүчүлөрүн ынандыруу үчүн чындыкты чагылдырбаган билдирүүлөрдү жаратаары белгиленди.

Иликте
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Министр Курум: "Жалпы үйүбүз дүйнө үчүн чечимдерди издөөдөн баш тартпайбыз"
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Орусия: Германия менен Улуу Британиянын коргоо министрлери «акылынан адашып калышты»
Кытай АКШдан телекоммуникациялык чектөөлөрдү алып салууну суранды
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»