ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия: «Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча түшүнүк бар»
Песков: "Европалыктар сүйлөшүүлөр төрт тараптуу форматта жүргүзүлүшү керек деп талап кылышууда. Бирок, биз европалыктар тынчтык процессине кандай салым кошоорун азырынча түшүнө элекпиз".
Россия: «Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча түшүнүк бар»
(АРХИВ) Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков / reuters
 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина маселеси боюнча Россия, АКШ жана Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын датасы азырынча белгилене электигин билдирди. Ошол эле учурда ал сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча түшүнүктүн бар экенин айтты.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге Украинадагы кризисти жөнгө салуу процесси тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан Россия-Украина согушун токтотууга багытталган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы качан өтөрү тууралуу суроого жооп берген Песков: «Дата азырынча белгилене элек. Бирок бул сүйлөшүүлөр уланышы керек деген түшүнүк бар», — деди.

Европалык өкүлдөрдүн сүйлөшүү процессине кошулуу мүмкүнчүлүгүнө токтолгон Песков европалыктар сүйлөшүүлөрдү төрт тараптуу форматта өткөрүүнү талап кылып жатканын белгиледи.

«Ар кандай пикирлер бар. Европалыктар сүйлөшүүлөр төрт тараптуу форматта жүргүзүлүшү керектигин талап кылууда. Бирок алардын тынчтык процессине кандай салым кошо аларын азырынча түшүнө элекпиз», — деди Песков.

Песков ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путиндин өткөн аптада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушууларында Украина маселесин жөнгө салуу жана коопсуздук кепилдиктери боюнча сунуштарды камтыган эч кандай документти тапшырбаганын билдирди.

Иликте
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Жаш улуттук дзюдочулар Дүйнө чемпионатынын 3-күнүндө 2 алтын, 3 медаль утушту
Иран Бахрейндеги АКШнын радарларына сокку урганын жарыяласа, Манама жарандык объект экенин билдирди
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Министр Фидан: «Йемендин ичине аскерлерди жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек»
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду