ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Аль Тани менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтондогу Мамлекеттик департаментте жолугушкан.
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Аль-Тани менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШнын борбору Вашингтондогу Мамлекеттик департаментте жолугушту / Anadolu Agency (Wire)
 

Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани Жакынкы Чыгыш АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңы чыңалууга туруштук бере албасын жана эки өлкө менен тең сүйлөшүү процессин жандандыруу үчүн иштеп жатышканын билдирди.

Катарда жайгашкан Аль-Жазира телеканалына берген билдирүүсүндө Аль Тани АКШ менен стратегиялык диалог Катардын мамилелеринде фундаменталдык мааниге ээ экенин жана алар коргонуу тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү көздөп жатышканын айтты.

Региондогу чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө керектигин баса белгилеген Аль Тани Катар Иран жана АКШ менен байланыштарын улантып жатканын билдирди.

Аль-Тани менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтондогу Мамлекеттик департаментте жолугушкан.

Катар АКШ менен Ирандын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюуга жана аймактагы чыр-чатактарды токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттерде активдүү ортомчулук ролду ойноп келет.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды