Газа тилкесинде ок атышпоого карабастан Израилдин учкучсуз аппараттарынын чабуулдарынан эки палестиналык каза болуп, сегизи жаракат алды.
Шифа ооруканасындагы булактардын маалыматы боюнча, Газа шаарынын түндүгүндө Израиль армиясынын учкучсуз учуучу аппарат менен жасаган чабуулунан 26 жаштагы палестиналык Айман Зияд Салиха каза болуп, бири оор үч киши жаракат алды.
Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда да, Израилдин учкучсуз аппараттары Газа шаарынын түндүк-батышындагы Андалус мунарасынын жанындагы жарандык аймакты бир ракета менен бутага алгандан кийин бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды.
Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо булактары Газа тилкесинин түндүк-батышындагы Судания аймагында жана Бейт-Лахия шаарында Израиль армиясынын огунан эки палестиналык жаракат алганын билдиришти.
2025-жылдын 10-октябрында күчүнө кирген ок атышууну токтотууга карабастан Израиль армиясы Газа тилкесинде чабуулдарды улантууда.
Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы билдирүүсүнө ылайык, ок атышууну токтотуудан бери Израилдин кол салууларынан 1679 палестиналык каза болуп, 6100 адам жаракат алды.
2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларынан каза болгондордун жалпы саны болсо 74 миң 746га, ал эми жаракат алгандардын саны 176 миң 234кө жетти.



















