Иран парламентинин ачык жыйынында сөз сүйлөгөн Мухаммед Багер Галибаф АКШ менен болуп жаткан чыңалууга байланыштуу билдирүү жасады.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана башка америкалык расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнө жооп берген Галибаф Иранга карата коркутуулар менен экономикалык кысымдын уланышы Вашингтондун Тегеран алдындагы алсыздыгын көрсөтөрүн белгиледи.
Ошондой эле АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Ирандын позициясы так жана өзгөрбөс экенин баса белгилеген Галибаф: «Буга чейин да айткандай, Ирандын жети шарты аткарылмайынча эч кандай кадам ташталбайт жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт», — деди.
АКШнын ыктмалдуу чабуулдарына жооп берүүгө даяр экенин билдирген Галибаф: «Эгер душман ката кетирсе, биз чечкиндүү жооп кайтарууга жана согуштун географиясын кеңейтүүгө даярбыз», — деди.
Тегеран АКШ менен кеңири сүйлөшүүлөрдү баштоо жана Ормуз кысыгын ачуу үчүн Вашингтондондун Иран койгон жети шартты аткаруусун талап кылууда.
Бул шарттардын катарына деңиз блокадасын алып салуу, соода жана мунай ташуучу кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүшүнө кепилдик берүү, Иранга каршы бир тараптуу санкцияларды жоюу, өлкөнүн мунай экспортун жеңилдетүү, тоңдурулган активдерин бошотуу жана бардык фронттордогу согуштук аракеттерди токтотуу кирет.















