«Газпромдун» жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Приморье аймагында 2027-жылдын январында Ыраакы Чыгыш газ жолу аркылуу Кытайга жаратылыш газын жеткирүүнү баштоо үчүн зарыл болгон объектилердин курулушу аяктоо алдында турат.
Ошондой эле Белогорск–Хабаровск газ куурунун курулушу 98,5 пайызга аяктаганы маалымдалды. Аталган куур «Сибирдин күчү» жана «Сахалин–Хабаровск–Владивосток» газ түтүктөрүнө туташтырылган.
Мындан тышкары, Чаянда кенинен Благовещенск шаарына чейинки «Сибирдин күчү» газ куурунун экинчи бөлүгүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Учурда аны ишке киргизүүгө даярдык көрүү иштери жүрүүдө.
Компания Арктика аймагындагы Харасавей газ кенинде өндүрүштү баштоого даярдык акыркы баскычка жеткенин белгиледи. «Газпромдун» маалыматына караганда, жаңы инвестициялык долбоорлор Россиянын ички рыногунда жаратылыш газын жеткирүүнүн коопсуздугун камсыздоого жана экспорттук милдеттенмелерди аткарууга багытталган.
Белгилей кетсек, Европа рыногундагы позициясын чоң өлчөмдө жоготкон «Газпром» экспорттун төмөндөшүнүн ордун Азия өлкөлөрүнө, өзгөчө Кытайга газ жеткирүүнү көбөйтүү аркылуу толтурууга аракет кылууда.













