ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Жапония Израилди эгер эки мамлекеттүү чечимге тоскоол болсо "жаңы чараларды" көрөрүн эскертти
Тышкы иштер министри БУУнун конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, Палестинанын таанылышынын "качан ишке ашары маанилүү" экенин айтты.
Жапония Израилди эгер эки мамлекеттүү чечимге тоскоол болсо "жаңы чараларды" көрөрүн эскертти
Япониянын тышкы иштер министри Ивая Такеши делегаттарга кайрылууда. / Reuters
 

Жапония Израилдин Палестинада эки мамлекеттүү чечимге жолтоо боло турган кадамдарды жасаган учурда "жаңы чараларды жана жооп кайтарууну" караштырарын эскертти.

Нью-Йоркто өткөн БУУнун Палестина темалуу конференциясында сүйлөгөн сөзүндө тышкы иштер министри Такеши Ивая: «Жапония Палестина элинин өз көз карандысыз мамлекетин түзүү каалоосун толук колдойт»,-деди.

«Эгер Израиль эки мамлекеттүү чечимди ишке ашырууга тоскоол боло турган кадамдарды жасаса, Жапония жаңы чараларды киргизүүгө жана жооп кайтарууга аргасыз болот», – деп кошумчалады.

Ал Токионун эки мамлекеттүү чечимди көптөн бери колдоп келе жатканын баса белгилеп, “Өлкөм үчүн Палестинаны таануу маселеси "качан ишке ашары" маанилүү” деди.

Австралия, Канада, Улуу Британия, Франция, Бельгия жана башка көптөгөн өлкөлөр акыркы апталарда Палестинаны расмий түрдө тааныганына карабастан Жапония Палестинаны таануу чакырыктарын азырынча четке кагып келет.

Оор кырдаал

Ивая «Газадагы гуманитардык кризистин курчушу, Батыш Жээкте мыйзамсыз отурукташуу аракеттеринин кеңейиши жана аннексияга карай кадамдар таптакыр кабыл алынгыс», – деди.

«Жапония бул аракеттерди катуу айыптайт жана Израилди мындай бир тараптуу аракеттерди дароо токтотууга чакырат» деп кошумчалады. Кырдаалдын «эки мамлекеттүү чечимдин негиздерине коркунуч туудурган оор жана кооптуу чекке жеткенин» эскертти.

Оккупацияланган Батыш Жээктеги кайра куруу иштерине Жапониянын «байкалаарлык салымдарына» көңүл бурган Ивая Токионун «Палестинанын Израиль менен тынчтыкта, туруктуу жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн мындан да олуттуу сүйлөшүүлөрдү улантарын» айтты.

Өткөн жылдын июль айында Жапония биринчи жолу Батыш Жээктеги палестиналыктарга каршы зомбулукка катышкан төрт израилдик отурукташууга санкция киргизген.

Конференция БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын ачылышынан бир күн мурун жана БУУнун иликтөөчүлөрү Израиль Газада геноцид жасоодо деген жыйынтыкка келгенден бир нече күн өткөндөн кийин өттү. 2023-жылдын октябрынан бери Газада 65,300дөн ашуун палестиналык каза тапты.

Иликте
Иран: "Ормуз кысыгында дагы бир мунай танкери деңиз миналарына урунуп, өрттөнүп кетти"
БУУ: "2025-жылы жакын адамдары тарабынан өлтүрүлгөн аялдардын көрсөткүчү жогору бойдон"
Иран парламентинин cпикери: 7 шарт аткарылмайынча эч кандай кадам ташталбайт жана сүйлөшүү болбойт
Иран: "АКШнын деңиз блокадасын аскердик жол менен буза турчу кадамдарды жасайбыз"
Данияда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынууда
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду
Греция Израиль менен 1 миллиард евролук жаңы курал-жарак келишимин даярдап жатат
Ливиянын жээгинде Орусиянын деңиз флотуна таандык корвет жана орус жүк ташуучу кемеси бутага алынды
2025-жылы Газадагы өлүмдөрдүн саны 2022-жылдагыга караганда төрт эседен дагы көп
Берлиндеги ооруканада чыккан өрттөн 15 адам жабыркап, бир адамдын абалы оор
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды