ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайда өткөн тарыхый саммитте Россиянын президенти Владимир Путинди «досум» деп атап, жылуу тосуп алгандан бир нече саат өткөндөн кийин Европаны Украинага көрсөтүлүп жаткан каржылык жардамды токтотууга чакырды.
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
Трамп менен Путин / Reuters (Wire)
 

АКШ президенти Дональд Трамп, Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында 90 мүнөткө созулган жолугушуу өткөрүп, дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө багытталган төрт пункттан турган декларация кабыл алышты. Ал эми сүйлөшүүлөргө катышпаган европалык лидерлер Украина менен тилектештик максатында Берлинде өткөн саммиттен кабарларды тынчсыздануу менен байкашууда.

Жолугушуунун алдында Трамп Путинди «Ал ким? Ал менин досум» деп жылуу тосуп алды. Андан кийин Германияда Британиянын премьер -министри Энди Бернхэм жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен бир катар лидерлер катышкан «Ыктыярчылар коалициясынын» жыйынына телефон аркылуу байланышты.

Politico жана The Telegraph басылмаларынын маалыматына караганда, Трамп Европанын Украинага бөлүп жаткан миллиарддаган долларлык жардамына тынчсыздануусун билдирип, согуш аяктаса, өлкөлөр бул каражатты үнөмдөй аларын белгилеген.

Бирок Ак үйдүн өкүлү Трамп европалык лидерлерди Украинага каржылык жардамды токтотууга чакырды деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, АКШ президенти согуш адам өмүрүнө жана каржыга чоң зыян келтирип жатканын айтып, тынчтыкка жетишүүнүн зарылдыгын белгилеген.

Үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер БУУну реформалоо, казылып алынуучу отундун жеткирилишин көбөйтүү, мамлекеттик кызматкерлердин эл аралык соттордогу кол тийбестигин сактоо жана өзөктүк куралдардын жайылышына жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу милдеттенмесин камтыган «Тынчтык декларациясын» жарыялашты.

Кытайдагы үч тараптуу саммиттен 4 беренелик декларация чыкты

Путин, Трамп жана Си Цзиньпин бейшемби күнү эртең менен Бириккен Улуттар Уюмунда реформаларды илгерилетүү, казылып алынуучу отундардын жеткирилишин көбөйтүү, мамлекеттик кызматкерлердин эл аралык соттордогу кол тийбестигин сактоо жана өзөктүк куралдардын жайылышына жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү милдеттенмесин камтыган «Тынчтык декларациясын» жарыялашты.

Жолугушуунун башында Си Цзиньпин менен Путинге кайрылган Трамп: «Биз чындап эле тарых жаратып жатабыз. Тынчтык эч качан байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнөн баш тартуу менен орногон эмес», — деди.

Бирок саммиттеги бул атмосфера Путиндин өздөрүнүн досу эмес экенин жана эч качан дос болбой турганы тууралуу Трампты эскерткен европалык лидерлердин арасында тынчсызданууну күчөттү.

Берлинде өткөн Ыктыярчылар коалициясынын жыйынында сөз сүйлөгөн Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен: «Бүгүнкү жыйындан кийин Путиндин ого бетер дем-күч аларын ойлоп жатам. Бактылуудай көрүнүп жатат. Тилекке каршы, бул дүйнөдө тынчтыктын орношу үчүн жакшы жышаан эмес. Украина үчүн да жакшы белги эмес. Ошондуктан бул жолугушуунун жыйынтыгы, тилекке каршы, биз европалыктарга дагы бир оор сокку болушу мүмкүн деп ойлойм», — деди.

 

Путин Крым көпүрөсүнө кол салууларга катуу жооп кайтаруу менен коркутууда

Бул тынчсыздануулар кыска убакыттын ичинде Путиндин айткандары менен жообун алды. Россиянын президенти үч тараптуу жолугушуудан кийин катуу билдирүү жасады.

Коопсуздук кеңешинен деңиздеги жана энергетикалык объектилерге жасалган чабуулдарды токтотуу маселесин карап чыгууну ортого салган Путин: «Крым көпүрөсүнө жасалган чабуулдардан кийин эч кандай келишим болбойт. Биз бул чабуулдарга жооп кайтарабыз. Баары билип койсун, биздин жообубуз Киев режими көпүрөгө жасаган чабуулдан да катуу болоруна ишенем», — деди.

Украинанын армиясы бул аптада Путиндин Россиясынын символу болгон Европадагы эң узун автомобиль жана темир жол көпүрөсүнө үчүнчү жолу сокку урганын ырастады.

Путин ошондой эле Украинаны жана Европаны согушту токтотуу үчүн компромисске баруудан баш тартып жатат деп айыптады. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болсо үч тараптуу жолугушууда Украинанын негизги тема болбогонун жана төрт пункттан турган планда каралбаганын билдирди. Си Цзиньпин да жаңжалды негизинен Европанын маселеси катары мүнөздөдү.

Шэньчжэнь шаарында өткөн жолугушуу 1945-жылы АКШ, Улуу Британия жана Советтер Союзунун ортосунда өткөрүлгөн Ялта конференциясына салыштырылды. Ал конференция таасир этүү чөйрөлөрүн расмий түрдө бекитип, ири державалардын чакан өлкөлөргө таңуулаган келишимдеринин символуна айланган.

Бирок Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Ялтага салыштырууларды четке кагуу максатында көпүрөгө жасалган чабуулду эске салды. Ал социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүлөрдү жазды: «Шэньчжэнь — Путиндин кыялындагы Ялта эмес. Айтмакчы, Россия Украинанын оккупацияланган аймагы — Крымдагы чыныгы Ялтага алып барган көпүрөсүн иш жүзүндө жоготту. Эми анын ойгонуп, кырдаалга реалдуу баа берип, эч качан жеңе албай турган согушун токтототуунун убактысы келди».

 

Эл аралык соттун сын-пикирлери, энергетикалык камсыздоо жана эксперттик баа берүү

Үч лидер Эл аралык кылмыш сотунун жана башка эл аралык мекемелердин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланбоо керектигин да билдиришти. Ал эми Трамп аталган сотту «көзөмөлдөн чыкты» деп атап, ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, энергетикалык камсыздоонун туруктуулугун сактоо жана мунай иштетүүнү көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Ошол эле учурда АКШ менен Россиянын өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча келишиминин мөөнөтү февраль айында аяктап, эки өлкөнүн ортосундагы акыркы юридикалык милдеттүү чектөөлөр да күчүн жоготту. Путин мындан кыска убакыт мурда Батыш Калининграддын Россиянын калган аймактары менен байланышын үзүүгө аракет кылына турган болсо, өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин эскерткен.

Chatham House аналитикалык борборунун изилдөөчүсү Линдси Ньюман The Independent басылмасына берген маегинде саммит мазмуну жагынан эмес, форматы жана символдук мааниси жагынан тарыхый болгонун белгиледи. Анын пикиринде, жолугушуу Украинадагы согуш, Ирандагы жаңжал жана дүйнөлүк энергетикалык кризис сыяктуу негизги маселелерге жооп бере алган жок. Ньюман дипломатиялык байланыштын өзү оң көрүнүш экенин, бирок Шэньчжэндеги сүйлөшүүлөр көптөгөн маанилүү суроолорду жоопсуз калтырганын айтты.

Иликте
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады