Украинанын Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олександр Ганжа социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Россия Кривой Рог шаарын бутага алганын билдирди.
Ганжанын айтымында, чабуулдун кесепетинен бир бала болгон эки жарандын каза болуп, 52 адам жаракат алган.
СУНУШТАЛАТ
Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы (ДСНС) жазуу жүзүндө жасаган билдирүүсүндө орус армиясынын бүгүн түнү Харьков облусуна да чабуул жасап натыйжада 11 адамдын жаракат алганын маалымдады.













