ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
«The Wall Street Journal» (WSJ) гезитинин маалыматына караганда, АКШ согушту токтотуу үчүн Донбассты Россияга берүү шарты менен Украинанын НАТОго мүчөлүгүн сунуштоодо.
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
НАТО Украина Орусия (TRT HABER) / TRT Haber
 

«The Wall Street Journal» (WSJ) гезити маселеге жакын булактарга таянып жазгандай, АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана атайын өкүлү Жаред Кушнер акыркы айларда Украина боюнча жабык сүйлөшүүлөрдө Донбассты Россияга өткөрүп берүү шарты менен Украинанын НАТОго мүчө болушу идеясын көтөргөн.

Булактардын маалыматына караганда, Трамп Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө каршы экенин ачык билдирип келгенине карабастан, Кушнер жана тынчтык боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф акыркы жолугушууларда бул маселени бир нече жолу талкууга алып чыгышкан.

Эки сценарий күн тартибинде

Булактар бул маселе өткөн аптада Дублинде Жаред Кушнер, Стив Виткофф жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусунда да талкууланганын билдиришти.

Алардын айтымында, АКШ сүйлөшүүлөрдө эки сценарийди сунуштаган. Биринчиси — Украинанын НАТОго мүчө болушу үчүн Донбасс аймагын Россияга өткөрүп берүү.

Экинчи сценарий Донбасс Украинанын көзөмөлүндө калат, тараптар ок атышууну токтотот. Ал эми Украина АКШ жана Европа өлкөлөрү менен түзүлгөн келишимдин негизинде Россиянын чабуулдарынан коргоону көздөгөн коопсуздук кепилдиктерин алат.

Булак: The Wall Street Journal (WSJ)

Иликте
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»