Осло соода борборундагы атышуу: шектүү кармалды
Кол салуу Ослонун түндүгүндөгү Сторо соода борборунда болду. Азырынча жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.
Осло соода борборундагы куралдуу кол салуу / Reuters
Норвегия полициясы атышуудан кийин Ослодогу ири соода борбору эвакуацияланганын жана шектүү камакка алынганын жарыялады.
Осло полициясы дүйшөмбү күнү "Биз соода борборун дээрлик толук текшерип чыктык жана жаракат алгандар катталган жок", - деп жазды.
Окуя Ослонун түндүгүндөгү Сторо соода борборунда болду.
Полициянын маалыматына караганда, мылтык менен бир жолу ок атылган.
Окуянын себеби жана башка чоо-жайы азырынча белгисиз.
Полиция кол салган кишини камакка алгандарын билдирди.
Шектүүнүн ким экени ачыкка чыга элек.