НАТОнун Брюнссюм биргелешкен күчтөр командачылыгы (JFCBS) Эскишехирдеги аскердик тик учак кырсыгында беш аскердин каза болушуна байланыштуу Түркияга көңүл айтты.
Командачылыктын социалдык медиа баракчасында жарыяланган билдирүүдө мындай деп жазылды:
"Бүгүнкү тик учак кырсыгында беш аскердин каза болушуна байланыштуу өнөктөшүбүз Түркияга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ойлорубуз алардын үй-бүлөлөрү, жакындары жана жолдоштору менен. Түркиянын кайгысын тең бөлүшүп, аза күтүп жатканда жанында турабыз".
Улуттук коргоо министрлиги (MSB) Эскишехирде машыгуу учуусу учурунда Аба күчтөрү командачылыгына таандык тик учак кулап, 5 аскер каза болгонун кабарлаган.














