Жетекчилердин билдиргенине караганда, Мэриленд штатындагы Аннаполис шаарында жайгашкан АКШнын Деңиз академиясы коркунуч тууралуу кабарлардан кийин карантинге алынды. Маалыматтарга караганда, окуяга Деңиз академиясынын мурдагы курсанты катышкан.
Аннаполис муниципалитетинен бейшемби күнү жасалган билдирүүдө: "Аннаполис деңиз колдоо базасы жергиликтүү укук коргоо органдары менен координацияда Деңиз академиясына карата коркунуч тууралуу билдирүүлөргө жооп кайтарууда. База сактык чарасы катары карантинге алынды. Жаңы абалдар тууралуу маалымат берип турабыз", - деп айтылды.
Fox News телеканалынын маалыматына караганда, аскер-деңиз академиясынын студенттери жашаган Bancroft Hall имаратында атышуу үндөрү угулган. Ошол эле кабарда кампустагы жетекчилерге шилтеме жасап :"Кол салган адам өзүн аскер полиция кызматкери катары көрсөтүп эшиктерди каккылап жаткан",- деп билдирилди.
“
















