ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сириянын SDF менен интеграция боюнча келишими дүйшөмбү күнү күчүнө кирет
YPG террордук уюмунун жетекчилигиндеги SDF мүчөлөрү дүйшөмбүдөн баштап Коргоо министрлигине караштуу аскердик бригадаларга жеке тартипте интеграцияланат.
Сириянын SDF менен интеграция боюнча келишими дүйшөмбү күнү күчүнө кирет
Сириянын маалымат министри билдиргендей, келишим мамлекеттик бийликти бекемдеп, Хасака менен Камышлидеги чыңалууну басаңдатат. [Архив] / AA

Сириянын маалымат министри Хамза эл-Мустафа, YPG террордук уюму жетектеген SDF менен жетишилген ок атышууну токтотуу жана интеграция келишими дүйшөмбү күнү күчүнө кирерин жарыялады. Эл-Мустафа бул келишимди мамлекеттик бийликти бекемдөөгө жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы чыңалууну азайтууга багытталган кадам катары мүнөздөдү.

Жума күнү «Syria TV» менчик телеканалына маек берген эл-Мустафа Дамаск администрациясы бул макулдашуу менен «оң кадам» таштоону көздөп жатканын белгилеп, Дейр-эз-Зор жана Раккада кайрадан көзөмөлдү кайтарып алгандан кийин жер-жерлердеги кырдаалдын "мурдагыдай эмес" экенин кошумчалады.

Эл-Мустафанын айтымында, Хасеке жана Камышлы шаарлары менен аскердик күчтөрдүн интеграциясын камтыган акыркы келишим 18-январда жетишилген мурдагы макулдашууга негизделген. Ал жаңы келишимдин ишке ашыруунун практикалык механизмдерин тактаганын баса белгиледи.

18-январда өкмөт менен YPG террордук уюмунун жетекчилигиндеги SDF ортосунда Сириянын түндүк-чыгышында аскердик кагылышууну токтотуу жана Евфрат дарыясынын чыгышындагы негизги аймактарда мамлекеттик бийликти толук калыбына келтирүү максатында келишимге кол коюлган. Бул макулдашуу Дамасктын бийлиги астында дароо ок атышууну токтотууну, ошондой эле административдик, аскердик жана институционалдык интеграцияны караган алкакты белгилеген.

Жаңы келишимге ылайык, YPG террордук уюму жетектеген SDF мүчөлөрү Коргоо министрлигине караштуу аскердик бригадаларга жеке тартипте интеграцияланарын билдирген Эл-Мустафа, бул процесстин дүйшөмбү күнү башталарын айтты. Ошол эле күнү Хасекеге жаңы дайындалган коопсуздук башкармалыгынын башчысы да кызматына киришерин белгиледи.

Мустафа өкмөт 10 күндүн ичинде Рмейлан жана ал-Сувейде мунай кендерин, ошондой эле Камышлы аэропортун көзөмөлгө аларын кошумчалады.

YPG террордук уюму өзүн Сирия күрттөрүнүн жалгыз өкүлү катары көрсөтүүгө аракет кылып, маселени саясатташтырып жатканын айткан Эл-Мустафа, өкмөт күрт коомчулугуна тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн акыркы убакта «Күрт улуттук кеңеши» баш болгон ар кандай саясий багыттагы күрт делегациялары менен жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.

Өкмөт жума күнү жасаган буга чейинки билдирүүсүндө, YPG жетектеген SDF менен ички бөлүнүүнү токтотууну жана толук интеграцияга жол ачууну көздөгөн «ар тараптуу келишимге» кол коюлганын жарыялаган.

Иликте
Сириянын борбору Дамаскта унаа жарылды
Министр Фидан  19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата билдирүү жарыялады
Иран Пакистан аркылуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын тастыктады
Президент Эрдоган 19-Майга карата куттуктоо жарыялады
Эмине Эрдоган: "19-Май - чоң күрөштүн аты"
Стамбул конгресс туризминде акыркы 10 жылдагы эң мыкты глобалдык көрсөткүчкө жетти
Путин: "Россия  - Кытай достугу эч кимге каршы эмес"
Мустафа Чифтчи 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо жарыялады
Иран Ормуз кысыгын башкаруу үчүн жаңы түзүм түзгөнүн расмий түрдө жарыялады
Түркия Израилдин Газага жардам флотилиясына карата эл аралык суулардагы кийлигишүүсүн айыптады
Түркия Крым татар жана Черкес сүргүндөрүнө байланыштуу билдирүү жасады
Пакистандын түндүк-батышындагы жарылуудан үч адам каза болуп, төрт адам жаракат алды
Израиль Иранга каршы операцияларды колдоо үчүн Иракта эки жашыруун аскердик база курду
Израиль Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүүчү пунктту бомбалап, дагы төрт палестиналык каза болду
Киев:Россия Украинага 528 сөөктү тапшырды