Украина PURL («Артыкчылыктуу муктаждыктардын тизмеси») демилгесинин алкагында F-16 согуштук учактары жана абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды алууну күтүп жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал бул тууралуу Украинага расмий сапар менен барган Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында айтты.
Зеленскийдин айтымында, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Россиянын Украинага каршы согушундагы акыркы окуялар талкууланды.
Украинанын президенти Венгрия менен мындан аркы мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөнүн Европа Биримдигине (ЕБ) интеграциялануу процессинде Будапешттин колдоосу маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле Зеленский Россиянын ракеталык чабуулдарына каршы туруу үчүн Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Зеленский Украинанын «Patriot» абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды өз алдынча өндүрүүгө кызыкдар экенин айтып, бул максатта буга чейин АКШга кайрылганын билдирди. Бирок Вашингтон аларды өндүрүү үчүн зарыл болгон лицензияны азырынча бере электигин кошумчалады.
Зеленский PURL демилгесинин алкагында F-16 учактарында жана абадан коргонуу системаларында колдонулуучу ракеталарды алуу күтүлүп жатканын белгиледи.
«Бизде абдан маанилүү ракеталык пакет бар жана келишимге кол коюлду», — деди ал.
Мындан тышкары, Украина АКШдан абадан коргонуу үчүн 48 ракета алууну күтүп жатканын, бирок АКШнын коргоо министри Пит Хегсет тиешелүү документтерге азырынча кол кое электигин билдирди.
Зеленский Украинаны колдоо жана тилектештик көрсөтүү согушту токтотуу үчүн маанилүү экенин белгилеп, бул максатка Европа, АКШ жана тынчтыкты чындап каалаган бардык тараптардын биргелешкен аракеттери аркылуу жетүүгө болорун айтты.














