Париждеги ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде маркум кыргыз жазуучусу, журналист, дипломат жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовду эскерүү конференциясы өттү.
Кыргызстандын ЮНЕСКО алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) менен биргеликте уюштурулган “Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: дүйнөнү бириктирген жалпы мурас” аттуу иш-чарада Айтматовдун өмүр жолуна арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, дипломаттар, маданият ишмерлери жана чет элдик коноктор катышты.
Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, элчи Садык Шер-Нияз тасманын Айтматовдун көөнөрбөс мурасын көрсөтүүгө багытталганын билдирди.
Парижде өткөн иш-чарада Айтматовдун дүйнөлүк мурасы баса белгиленип, анын маданий эстутум жана адамдык кадыр-барктын сакталышы боюнча билдирүүсү белгиленип, Түркиянын ЮНЕСКОдогу өкүлү Айтматовду “XX кылымдын эң улуу инсандарынын бири” деп мүнөздөдү.
“Бул тасманы көрүп өзүмдү үйүмө кайткандай сездим. Айтматов ар дайым адамдардан, эмгекчилерлден жана энелерден сөз кылды. Бизге калтырган мурасы менен сыймыктана алабыз. Бул татаал мезгилде бардык адамзатка жол көрсөткөнн айта аламын”,- деди Шер Нияз.
Өзгөчө Түркиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, элчи Гүлнур Айбетке кошкон салымынан улам ыраазычылык билдирди жана Айтматовдун ар бир кыргыз маданият ишмерлеринин башында орун аларын белгиледи.
"XX кылымдын улуу инсандарынын бири"
Гүлнур Айбет Айтматов тууралуу : "XX кылымдын улуу инсандарынын бири. Айтматов кыргыз адабиятынын алдыңкы жазуучуларынын бири гана эмес, түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөлүк адабияттын маанилүү фигурасы болгон," - деди.
170 тилге которулган чыгармалары «эл аралык аудиторияга жеткенин» белгилеген Айбет, Айтматовдун чыгармаларында тынчтык жана тилектештик билдирүүлөрүнүн орун алганын айтты.
Айбет Айтматовдун адам, табият менен коомдун ортосундагы мамилелерге философиялык көз карашын баса белгилеп: «Анын жамааттык эс тутумдун тереңдигинен азыктанган калеми адамзаттын жалпы көйгөйлөрүнө универсалдуу жооп издеген абийирдей сүйлөйт»,- деди.
Азербайжандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, элчи Элман Абдуллаев Айтматовду “бүткүл адамзаттын сыймыгы” деп мүнөздөсө, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев ага “улуттар ортосунда көпүрө курган гуманист” деп баа берди.
Раев :“Айтматовдун чыгармалары Борбор Азияны дүйнөгө ачты” ,-деди.
"Анын романдарында адамдын кадыр-баркына, табиятына жана тынчтыкка басым жасалат. Ал жараткан "маңкурт" феномени адамзаттын тамырынан ажырап, эс-тутумун жана өзгөчөлүгүн жоготкон трагедиясын укмуштуудай ачып берет. Бул концепция жөн гана романдык элемент эмес, алардын өткөнү менен байланышын жоготкон коомдордун келечеги тууралуу күчтүү эскертүү", - деп кошумчалады Раев.










