ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Россия Трамптын талабы боюнча Киевге кол салуусун токтотту
АКШ расмий бир ок атышпоонун болбогондугуна карабастан чыңалууну басаңдатууга карата бир мүмкүнчүлүктү колдонууга аракет кылып, жекшемби күндөн тарта Киевде температуранын -26 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Россия Трамптын талабы боюнча Киевге кол салуусун токтотту
Киевде көчө сатуучу иштеп жаткан учурда, Орусиянын өлкөнүн энергетикалык системасына жасаган үзгүлтүксүз аба чабуулдарынан улам жарык өчкөн маалда генератор иштеп турат. / AP

Россия катуу кыш шарты уланып жаткан маалда АКШнын президенти Дональд Трамптын өтүнүчү менен 1-февралга чейин Киевге карата аба соккуларын токтотууну кабыл алды. Вашингтон согушту токтотуу үчүн дипломатиялык чечим издөөнү улантууда, Украина да буга жооп кайтарууга даяр экенин билдирди.

Бирок жекшемби күндөн тарта Украинанын борбор шаарын жаңы бир суук аба толкуну күтүүдө, президент Владимир Зеленский жума күнү жасаган билдирүүсүндө эки өлкөнүн арасында расмий ок атышпоонун жок экендигин айтты. Зеленский Россиянын кол салууларын Украинанын логистикалык инфраструктурасын бутага алганын да кошумчалады.

Россия акыркы күндөрү Украинанын кургактык жолдору менен темир жолдорун бомбалады.

Кремль билдиргендей, президент Владимир Путин тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн «ыңгайлуу шарттарды» түзүү максатында, Трамптын Киевди бомбалоону токтотуу боюнча талабын кабыл алды. Акыркы жумаларда Россиянын Киевдеги энергетикалык инфраструктурага жасаган чабуулдары, абанын температурасы кээде - 15 градустан төмөн түшкөн мезгилде жүз миңдеген адамдын күн бою үйлөрүндө жылуулуксуз калышына себеп болгон.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Президент Трамп сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 1-февралга чейин, бир жума бою Киевге чабуул жасабоо өтүнүчү менен президент Путинге жеке өзү кайрылды. Президент Путин бул өтүнүчтү кабыл алды», — деди.

Зеленский Украина да жооп кайтарууга даяр экенин жана Россиянын мунай иштетүүчү инфраструктурасына жасаган чабуулдарын токтото аларын белгилеп, муну «келишим эмес, мүмкүнчүлүк» экенин айтты.

Telegram каналы аркылуу билдирүү жасаган Зеленский, түн ичинде Украинанын энергетикалык объектилерине чабуул болбогонун, Москва көңүлүн логистикалык инфраструктурага бурганын айтты.

Бул айда Киевдин көпчүлүк бөлүгүндө электр үзгүлтүгүнө жол ачкан орус аба кол салууларына токтолгон Зеленский Украина абадан коргонуусунун Киевдин европалык союздаштарынын АКШ менен жүргүзүлгөн PURL курал сатып алуу программасынын алкагында төлөмдөрдү кечиктиргендиктен алсыраганын айтты. Мунун натыйжасында АКШда жасалган Patriot абадан коргонуу ракеталары убагында келбегендигин белгиледи.

Өз ара соккулар

Украинанын аба күчтөрү Россиянын акыркы түнкү чабуулдарында баллистикалык ракета жана 111 дрон колдонгонун жарыялады. Зеленский ракета Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков аймагында АКШ компаниясына таандык кампаларга зыян келтиргенин билдирди, бирок компаниянын атын атаган жок.

Украина армиясы  болсо өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы Запорожье аймагында айрым  орус  логистикалык объектилерге сокку урулганын билдирди.

Зеленский жума күнү өзүнүн кеңсеси тарабынан жарыяланган билдирүүсүндө: «Америкалыктар эки тарап тең алыскы аралыкка атуучу куралдарды колдонуудан алыс болуу боюнча белгилүү бир кадамдарды таштоо менен дипломатияга жол ачууну каалашарын жана ушул алкакта чыңалууну басаңдатуу маселесин күн тартибине киргизүүнү каалап жатышканын айтышты», — деди.

Энергетика секторунда ок атышууну токтотууга багытталган кадамдар, согуш келерки айда төртүнчү жылына кире турган маанилүү мезгилде ташталууда.

Ошол эле учурда Россиянын аскерлери Украинанын чыгышындагы Донецк облусунда жай, бирок туруктуу илгерилөөсүн улантууда. Москва фронт сызыгынан алыс жайгашкан өлкөнүн чыгышындагы жана түштүгүндөгү Украинанын шаар-кыштактарына дээрлик күн сайын жүздөгөн дрон менен чабуул жасоону улантууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

Иликте
АКШ Иран дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Сурамжылоолор оппозициянын рейтинги өсүп, Ликуд партиясы эң төмөнкү орунда экенин көрсөттү
2026-жылкы Дүйнөлүк Кубок Мексиканын Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңиши менен башталды
Орусия: Украинанын Татарстанга дрон чабуулунан 4 адам жаракат алды
Иран эскертти: АКШнын энергетикалык объектилерди бутага алышы "туңгуюкту" жаратышы мүмкүн
Трамптын бутасындагы Харк аралы тууралуу эмнелер белгилүү?
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды