ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Евробиримдиктин лидерлери Сириянын көйгөйлөрүн сүйлөшүү үчүн Шараа менен жолугушту
Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен саясий диалогду арттырууга жана Сириянын социалдык-экономикалык жактан калыбына келишине колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Евробиримдиктин лидерлери Сириянын көйгөйлөрүн сүйлөшүү үчүн Шараа менен жолугушту
Евробиримдиктин лидерлери Сириянын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Шараа менен жолугушту. / AA

Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта жана Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Сириянын президенти Ахмед аль-Шараа менен жолугушту.

Шейшемби күнү X платформасында жарыяланган биргелешкен билдирүүдө, ЕБ лидерлери аль-Шараа менен Сириянын өткөөл мезгилиндеги кыйынчылыктары тууралуу "жакшы пикир алмашуу" болгонун белгилешти.

Билдирүүдө блоктун "чыныгы, камтылган, тынчтыкчыл жана Сирия жетектеген, тышкы зыяндуу кийлигишүүсүз өткөөл мезгилди" колдой турганын дагы бир жолу айтышты.

"Биз саясий диалогду арттырууга, гуманитардык муктаждыктарды канааттандырууга жана Сириянын социалдык-экономикалык калыбына келүүсүнө жана реконструкциясына колдоо көрсөтүүгө умтулабыз", - деп билдиришти.

Сирия режимин 25 жылга жакын башкарган Башар Асад былтыр декабрда Орусияга качып, 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын режими аяктаган жана январда Ахмед ал-Шара жетектеген жаңы өткөөл өкмөт түзүлгөн.

Асад бийликтен кеткенден бери Сириянын жаңы жетекчилиги саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууга, социалдык биримдикке көмөктөшүүгө, аймактык жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө басым жасады.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды