ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түндүк Нигерияда армия базаларына жасалган чабуулдарда 17 аскер өлтүрүлдү
Нигерия армиясынын кургактык жана аба күчтөрү көп сандаган каршы чабуул жасап, кагылышууларда "ондогон" кылмышкерди жок кылды.
Түндүк Нигерияда армия базаларына жасалган чабуулдарда 17 аскер өлтүрүлдү
/ AP

 Нигериянын түндүгүндө куралдуу кишилердин армиянын үч базасында тинтүү жүргүзүшү менен кеминде 17 аскердин каза болгондугу билдирилди. Коопсуздук булактары жана жергиликтүү бир жетекчи бат  - бат зомбулук окуялары болуп турган аймакта болгон акыркы кол салуу болгонун белгиледи.

Түндүк Батышта иш алып барган жергиликтүүлөрдүн арасында «каракчы» деп билинген куралдуу топтор жалпысынан кун алуу үчүн адам уурдап жана коопсуздук күчтөрүн бутага алуу менен белгилүү.

Нигерия армиясы кол салууларды шейшемби күнү ырастады бирок кенен маалымат берилген жок.

Армия тарабынан жасалган билдирүүдө : «Тилекке каршы айрым тайманбас согушкерлерибиз күн бою  улантылган кагылышууларда жоготууларга учурады. Кагылышууда жаракат алган төрт аскер азыркы учурда дарыланууда»,- деп айтылды.

Эки коопсуздук булагы куралдуу кишилердин Нигер штатындагы Кванар Дутсе Марига жана Бока аймактарында жана коңшулаш Кадуна штатындагы дагы бир базага күтүүсүз чабуул жасап, аскерлер менен бир нече саат бою кагылышканын билдирди.

 Нигерияда коопсуздуктун күчөшү

 Маалымат булактары жана Марига аймагынын башчысы  Аббас Касувар Гарба 17 өлүмдүн баары Кванар Дутсе Марига базасында болгонун айтты. "Бул буктурма болчу. Алар ар тараптан келип, оор ок-дары менен кол салышты", - деп билдирди Нигерде жайгашкан армиянын жетекчиси.

Өзгөчө Нигерия армиясы каршы чабуулдарды жасап бир нече куралдуу кишини жок кылгандарын маалымдады.

Нигериядагы коопсуздук армиянын куралдуу козголоңчуларга жана түндүк – чыгыштагы Боко Харам жана ДЕАШ террордук уюмдарына караштуу топтор менен күрөшүп жаткандыктан дагы да кыйындап баратат. Нигер штатында Боко Харам террористтери иш алып барган аймактарда аскердик кызматкерлерге карата тузактар курулууда.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"