ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россия: "Украинага чет элдик аскерлердин жайгаштырылышына жол берилбейт"
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Украинага чет элдик аскер күчтөрүнүн жайгаштырылышына жол бербей турганын билдирди.
Россия: "Украинага чет элдик аскерлердин жайгаштырылышына жол берилбейт"
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков / reuters
 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага чет элдик аскер бөлүктөрүнүн жайгаштырылышы Россия үчүн кабыл алынгыс экенин билдирди. Ал бул тууралуу Москвада журналисттерге берген маегинде айтты.

Песков Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсондун ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгенге чейин европалык аскерлер Украинага жөнөтүлүшү керек деген билдирүүсүнө комментарий берди.

«Украинага чет элдик аскер бөлүктөрүн жайгаштыруу орус тарап үчүн таптакыр кабыл алынгыс жана чыдагыс нерсе», — деди.

Песков Борис Жонсонду Украинадагы кагылышууну жөнгө салуу процессинде кыйратуучу ролду ойногон деп айыптап, анын аракеттери 2022-жылы согуштун аякташына тоскоол болгонун белгиледи.

Аскердик жоготуулар тууралуу маалымат

Россиянын Федералдык мамлекеттик статистика кызматына (Росстат) жасалган киберчабуулдан кийин Украинадагы согушта орус аскерлердин жоготуулары тууралуу маалыматтардын сыртка чыгып кеткени боюнча суроого жооп берип берген Песков расмий маалыматты Коргоо министрлиги гана жарыялай аларын айтты.

Песков:«Россиянын Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу маалыматтарды расмий түрдө ачыктоого ыйгарым укуктуу жалгыз мекеме. Ошондуктан, башка булактардан тараган маалыматтар эске алынбашы керек», — деди.

«Украина тууралуу максаттарга жетүү үчүн бардык нерсе жасалууда»

Песков Ливиянын аймагында Украина тарабынан орус жүк ташуучу кемеге жана аскер-деңиз корветине жасалган чабуулдарга жооп кайтаруу маселесине токтолду.

Ал мындай кырдаалда ар бир мамлекет жооп кайтарууга укуктуу экенин белгиледи. Песков чабуулдардан жабыркаган орус жарандардын саны тууралуу маалыматты Россиянын Коргоо министрлиги билерин айтты.

Россиянын чет өлкөлүк порттордогу украин кемелерине кол салуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу суроого жооп берген Песков Украинадагы согушту «атайын аскердик операция» деп атап, анын алкагында коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Булак: Анадолу агенттиги

Иликте
Зеленский ракеталар PURL демилгесинин алкагында Украинага жеткирилерин күтүп жатканын билдирди
Бенгази портундагы дрондук чабуулда жаракат алган эки ливиялык жоокер каза болду
НАТО Эскишехирдеги тик учак кырсыгында шейит болгон аскерлерге байланыштуу көңүл айтты
Украина: "Орусиянын Запорожьеге кол салуусунан 2 жаран каза болуп, 41 адам жаракат алды"
Изилдөө: "Германияда көпчүлүк Украинага аскердик жардамга каршы"
"Газпром" Кытайга жаңы жаратылыш газын жеткирүү боюнча даярдыктарды аяктап жатат
Россия: «Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча түшүнүк бар»
Иран: "Ормуз кысыгында дагы бир мунай танкери деңиз миналарына урунуп, өрттөнүп кетти"
БУУ: "2025-жылы жакын адамдары тарабынан өлтүрүлгөн аялдардын көрсөткүчү жогору бойдон"
Иран парламентинин cпикери: 7 шарт аткарылмайынча эч кандай кадам ташталбайт жана сүйлөшүү болбойт
Түркия Кара деңизде коопсуз кеме жүрүү үчүн "натыйжалуу механизмди" иштеп чыгууда
Иран: "АКШнын деңиз блокадасын аскердик жол менен буза турчу кадамдарды жасайбыз"
Данияда мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынууда
Аль Тани: "Жакынкы Чыгыш жаңы АКШ-Иран чыңалуусун көтөрө албайт"
Газа тилкесине Израилдин кол салууларынан дагы эки палестиналык каза болду