ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Зеленский Путинди Түркияны белгилеп, "бейтарап өлкөдө түз жолугушууга" чакырды
Зеленский, АКШнын көңүлү негизинен Иранга каршы согушка бурулган учурда, Путин менен түз жана бетме-бет сүйлөшүүлөрдү талап кылып; орус лидерге ачык кат жарыялады.
Зеленский Путинди Түркияны белгилеп, "бейтарап өлкөдө түз жолугушууга" чакырды
Зеленскийдин Путинге жолдогон каты АКШнын көңүлү Иранга каршы туңгуюкка кептелген согушка катуу алаксып турган учурга туш келди. / Public domain

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путинге түздөн-түз багытталган ачык катында бетме-бет жолугушуу өткөрүүгө чакырды.

Бейшемби күнү жазылган бул кат 2022-жылы башталган Россия - Украина согушунан бери Зеленскийдин Путинге түздөн-түз жолдогон алгачкы ачык кат. Катта орус лидеринин 26 жылдык бийлик дооруна карата кеңири масштабдуу сын-пикирлер орун алды.

Зеленский АКШнын артыкчылыктары өзгөргөнүн моюнга алып, Трамп администрациясынын көңүлүн Иран согушуна буруп жаткан чакта, алардын кайрадан Украина согушун токтотууга кайтуусун күтүү жаңылыш болорун белгилеп : "(Путинге) Жолугушуу өткөрүүнү сунуштайм", - деген сөздөргө орун берген.

Зеленский катында сүйлөшүүлөрдү бейтарап үчүнчү өлкөлөрдүн өткөрө аларын, Москваны да, Киевди да өткөрүүчү өлкө катары карабай турганын бул үчүн альтернатива катары Швейцарияны, Түркияны же араб мамлекеттерин сунуштаганын билдирди.

Зеленский катында: "Маанилүү маселелерди лидерлер чечет. Бул ар дайым болуп келген жана боло берет. Мен мындай жолугушуу үчүн так күндү белгилөөнү сунуштайм", - деп билдирген.

Украина чалгындоосунун маалыматына караганда Россиянын согушту 2027 - 2028 - жылга чейин узартуу планын карап жатканын белгилеген Украинанын президенти Россиянын кургактык операциялары менен жете албаган максаттарына таяна баштаган баллистикалык ракеталык чабуулдар аркылуу жетүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Чарчоо күчөдү

Зеленский өзгөчө Москваны Беларусту кагылышууга тартууга аракет кылуу жана Россия колдогон жикчил Молдова аймагы Приднестровьенин айланасындагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылуу менен айыптады.

Украина лидери Россиянын согуштун чыгымдарын дагы көп сезип жатканын белгилеп, Россиянын аймагында болгон дрон чабуулдары, экономикалык кысымдар, күйүүчү майдын тартыштыгы, баалардын өсүшү жана кошумча аскер мобилизациясынын зарылдыгы сыяктуу факторлорду мисал келтирди.

Зеленский май айында  Россиянын 30 миңден ашык аскерин каза болгонун же оор жараланганын айтып,  Украинанын бул жоготуулар тууралуу "видео тастыктоосу" бар экенин жана мындай жоготуулар мурунку айларда да уланып келгендигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөр учурунда толук ок атышууну токтотууга даяр экенин жана кагылышууну токтотуу боюнча  биринчи кадамы катары бардык туткундарды бошотуу жана  алмашууну сунуштады. Зеленский  согуш учурунда Украинадан алып келинген жарандарды жана балдарды кайтарып берүүнү талап кылып : "Дүйнө сиз көптөн бери ойлоп жаткандай Украинадан тажаган жок. Бирок Россияга карата чарчоо күчөп баратат",- деди.

АКШнын көңүлү Иранга бурулду

 Зеленский АКШнын кызыгуусу азайганына өкүнүчүн билдирип, НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин шаршемби күнкү сапары учурунда: "Бүгүн көңүл борборунда биз эмеспиз. Иран — Америка Кошмо Штаттары үчүн биринчи кезектеги маселе, андан кийин гана Украина маселеси турат. Тилекке каршы, биз бул согуш кезегинде артта калдык", — деп айткан.

Россиянын президенти Путин да бейшемби күнү Санкт-Петербургда чет элдик журналисттерге ушундай эле байкоосун билдирип: "Баарыбыз көрүп жана түшүнүп турабыз, АКШ жетекчилиги көңүлүн башка жакка бурууга аргасыз болуп жатат жана биринчи кезекте ушул маселе менен алектенип жатат",- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленский жана Путин үчүн жолугушуунун "мыкты" болорун айтып, Овал кабинетинде журналисттерге маалымат берип: "Алардын жолугушууну ойлонуп жатканына кубанычтамын. Менимче, бул жерде биздин чоң салымыбыз бар. Жолугуша турган болсо мыкты болот. Алар жолугушушу керек — бул ишти чечиши керек", - деди.

Трамп кызматка киришкенден бир күндөн кийин Украина согушун токтотууга убада берген бирок азыр АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна көңүл бурууда.

трамп Украина жана Россия тууралуу кенен токтолбстон : "Экөө тең компромисске барышат, бул кадамдарды мен сунуштадым жана билесиңер, бул маселеде биздин да салымыбыз чоң", — деди.

Иликте
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания