ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Европа Биримдиги Венесуэланын убактылуу президентин таануудан баш тартты
Европа Биримдигинин катчысы демократиялык өтүү процесси шайланган оппозиция лидерлерин камтышы керектигин билдирди.
Европа Биримдиги Венесуэланын убактылуу президентин таануудан баш тартты
Вице-президент Делси Родригес 5-январда Каракастагы Улуттук Ассамблеяда Венесуэланын убактылуу президенти болуп ант берди. / Reuters
7 Январь 2026

Европа Биримдиги Венесуэланын жаңы дайындалган убактылуу президенти Делси Родригести тааныбай турганын, бирок өлкө бийлиги менен чектелген жана максаттуу байланыштарын улантаарын билдирди.

Шейшемби күнү Брюсселде өткөн күнүмдүк басма сөз жыйынында сөзьсүйлөгөн Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын өкүлү Анитта Хиппер Биримдиктин Венесуэла боюнча позициясынын өзгһрбөй турганын, азыркы администрацияда демократиялык легитимдүүлүктүн жок экенин кошумчалады.

Хиппер Европа Биримдигинин Венесуэладагы демократияга берилген бардык тараптарды камтыган инклюзивдүү саясий диалогду колдой турганын баса белгилеп, бул процесс "демократиялык жол менен шайланган оппозиция лидерлерин камтышы керек" деп баса белгиледи.

Европа Биримдигинин катчысы Биримдиктин Николас Мадуронун да, Делси Родригестин да легитимдүүлүгүн тааныбай турганын, бирок ошого карабастан өз кызыкчылыктарын жана фундаменталдык принциптерин коргоо үчүн Венесуэла бийлиги менен чектелген жана техникалык деңгээлдеги байланыштарды улантарын билдирди.

Бул билдирүүлөр Родригестин убактылуу президент болуп дайындалышынан кийин Венесуэлада тереңдеген саясий кризистин жана АКШнын Мадурого каршы аскерий операциясынын көлөкөсүндө айтылды.

Мадуронун АКШ аскерлери тарабынан жүргүзүлгөн операциянын алкагында өлкөдөн чыгарылып, жубайы Силия Флорес менен бирге АКШда камакта отурганы билдирилди. Мадуро жана Флорес федералдык деңгээлде баңгизаттарды аткезчилик менен ташууга жана террористтик топтор деп мүнөздөлгөн уюмдар менен кызматташууга айыпталууда.

Хиппер пресс - жыйынында Арктика аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча талкууларга кайрылып, аймактык бүтүндүк жана эгемендүүлүк эл аралык укуктун негизги принциптери экенин баса белгиледи.

Ал бул принциптер Европа Биримдиги үчүн гана эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулук үчүн милдеттүү экенин айтып, Европа Биримдигинин Дания жана Гренландия эли менен толук тилектештигин билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын автономиялуу аймагы болгон Гренландияны көзөмөлгө алууну каалаганын бир нече жолу билдирип, бул максатка жетүү үчүн аскердик варианттарды жокко четке каккан.

Венесуэлада Мадурого каршы АКШнын аскердик операциясынан бир күн өткөндөн кийин, Трамп жекшемби күнү АКШнын коопсуздук кызыкчылыктарына таянып, Гренландияны Американын көзөмөлүнө алуу чакырыгын кайталады.

Дүйшөмбү күнү көптөгөн Европа өлкөлөрү жана Европа Биримдиги Дания менен Гренландияны колдоо боюнча билдирүүлөрдү таратып, аралдын келечегин тышкы тараптардын аныктай албастыгын жана эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүн сактоо керектигин баса белгилешти.

Мүчө алты мамлекеттин лидерлери жана Улуу Британиянын премьер-министри тарабынан жарыяланган Гренландия боюнча биргелешкен билдирүүдө Европа Биримдигинин институттарынын жоктугу жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, Хиппер Биримдиктин жалпысынан мындай билдирүүлөргө дароо комментарий бербей турганын, бирок анын фундаменталдык принциптер боюнча позициясы ачык жана өзгөрүлбөс экенин айтты.

Хиппер Арктика аймагында туруктуулукту сактоо үчүн союздаштар менен тыгыз кызматташуунун маанилүү экенин жана Европа Биримдиги менен жүргүзүлгөн координациянын аймактык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойной турганын билдирди.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды