Мерц 2027-жылдын бюджети талкууланган Федералдык жыйында сөз сүйлөдү. Немис өкмөтүнүн Украинаны колдоосуна карата айтылган сынга жооп берген Мерц: «Орусия эмне каалаганын жакшы билет жана Украинадан алда канча көптү талап кылып жатат. Муну түшүнбөгөндөр же бул дүйнөнү түшүнбөйт, же болбосо өлкөбүздүн эркиндиги жана ачыктыгы боюнча башка максаттары бар» деди.
Германиянын канцлери Орусия Балтика аймагында, Польшада, Кара деңизде жана космосто тирешүүнү күчөтүп жатканын айтып, европалыктар Орусияга чектерин көрсөтөрүн билдирди. Ал: «Муну кылабыз жана кылууга милдеттүүбүз» деди.
Берлинде 19-ноябрда Украина темасында өткөн «Ыктыярчылар коалициясынын» жыйынына токтолгон Мерц, жыйынга катышкан америкалыктар европалыктардын бул маселеде канчалык бир пикирде жана бирдиктүү экенине таң калгандай таасир калтырганын айтты.
Мерц бул милдеттенме дагы деле чыныгы тынчтыкка жетишүүгө карата этият оптимизмге жол берерин маалымдады.
«Бул (Украинаны колдоо) биздин эркиндигибизге да тиешелүү» деген канцлер жалпы баалуулуктар чабуулга учурагандарды колдоону талап кыларын баса белгиледи.
Бүгүн кечинде Брюсселде Европа бюджети боюнча сүйлөшүүлөр өтөрүн жана 2028–2034-жылдары канча каражат эмнеге жумшалаарын талкуулоо зарылдыгына басым жасады. Ал бул сүйлөшүүлөрдө чыгашаларды чектөөгө жана Европаны чындап күчтүү кылуучу коопсуздук менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк маселелерине басым жасоону талап кылганын айтты.
Германия мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болгон тышкы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чыгашаларды узак убакыт үнөмдөп келгенине көңүл бурган Мерц: «Анын ордуна башкаларга таяндык. Жаңы пайда болгон тышкы коркунучтар бул жерде көзүбүздү ачышыбыз керектигин даана көрсөттү» деп комментарий берди.











