ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Халепте кагылышуулар уланып жаткан шартта Түркия менен Сирия лидерлери телефон аркылуу сүйлөштү
Лидерлер Сириядагы акыркы окуяларды жана өлкөдөгү туруктуулукту чыңдоо аракеттерин талкуулашты.
Халепте кагылышуулар уланып жаткан шартта Түркия менен Сирия лидерлери телефон аркылуу сүйлөштү
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, Түркия менен Сириянын лидерлери эгемендүүлүк, жарандарды коргоо жана координация маселелерин талкуулашты. / AP

Сириянын президенттик аппараты Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Сириядагы окуяларды жана туруктуулукту чыңдоонун жолдорун талкуулоо үчүн Сириянын президенти Ахмед Шараа менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.

Сириянын президенттик аппараты тараткан билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы окуялар жана өлкөдөгү туруктуулукту чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер каралды.

Билдирүүдө президент Шараа Сириянын негизги улуттук принциптерин кайталаганы, бүткүл Сирия аймагында мамлекеттик толук эгемендүүлүгүн калыбына келтирүүнүн маанисин баса белгилегени билдирилди.

Шараанын артыкчылыктуу багыттардын баары жарандык калкты коргоого, Халеп аймагынын коопсуздугун камсыз кылууга жана кайра куруу процессине тоскоол болгон мыйзамсыз куралдуу аракеттерди токтотууга багытталаарын баса белгилегени маалымдалды.

Сириянын президенттик аппаратынын маалыматы боюнча, президент Эрдоган коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо боюнча аракеттерди колдой турганын билдирди.

Халепте чыңалып жаткан кагылышуулар

Сүйлөшүү Халепте коопсуздук кырдаал курчуп турган учурда өттү, Сириянын жетекчилери көп сандаган ПКК/ЙПГ террористтеринин талаштуу райондордон кеткендигин же качып кетишкенин билдиришти.

Жетекчилердин айтымында, Шейх Максуд жана Эшрафиядагы чыңалуу акыркы жылдары шаардын эң чоң жер которуу толкундарынын бирин пайда кылды, болжол менен 142 000 жаран шашылыш пландын алкагында эвакуацияланды.

Жетекчилер Халеп жана айланасында убактылуу баш калкалоочу жайларды ачканын билдиришти, ошол эле учурда топту турак жайларды жана гуманитардык коридорлорду аткылоо менен айыпташты.

Сирия жетекчилери ички коопсуздук күчтөрү жабыркаган аймактарды коргоого жана жер которууга мажбур болгон тургундардын кайтып келишине көмөктөшүүгө даярданып жаткандарын маалымдашты.

Окуялар Дамаск ишке ашырлбагандыгын айткан YPGны мамлекеттик мекемелерге интеграциялоо боюнча мурда жетишилген келишимдин ишке ашырылбаганына карабастан болду.

Иликте
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду