ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Премьер-министр Албаниз Бонди баатыры мусулман кишини мактап: "Сиз Австралиянын баатырысыз",- деди
Өлкөнүн жакынкы тарыхындагы эң кандуу кол салуулардын бирине байланыштуу маалыматтар такталып, премьер-министр Энтони Албаниз Австралиянын террордон улам бөлүнүшүнө жол бербей турганын билдирди.
Премьер-министр Албаниз Бонди баатыры мусулман кишини мактап: "Сиз Австралиянын баатырысыз",- деди
Австралиянын Премьер-министри Энтони Албанезе 43 жаштагы Ахмед Аль Ахмедди өзгөчө кайраттуулугу үчүн мактады. / Reuters

Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз 15 киши каза болгон кандуу Бонди пляжына жасалган кол салууда кол салуучулардын бирин токтоткон мусулман баатыр Ахмед ал - Ахмедди шейшемби күнү Сиднейдин түштүгүндөгү Сент-Жорж ооруканасына барып көрдү.

Аль-Ахмеддин ооруканада керебетинин жанында сүйлөгөн Альбаниз, эки баланын атасы 43 жаштагы кишинин көрсөткөн эрдигин мактап, аны террорго каршы улуттук биримдиктин символу деп мүнөздөдү.

«Ахмед, сен Австралиянын баатырысың. Башкаларды коргоо үчүн өзүңдү тобокелге салдың. Кыйын учурларда австралиялыктардын мыкты жактарын көрүп жатабы»,- деп жазды Албаниз Х эсебиндеги билдирүүсүндө.

Аль - Ахмед кол салуучулардын биринин куралын тартып алып, аны багынып берүүгө мажбурлаган. Бирок ошол учурда өзү катуу жаракат алган. Ага бир нече ок тийип, колу жана ийини жабыркаган. Дарыгерлер Аль - Ахмеддин абалынын туруктуу экенин билдиришти.

Аль - Ахмедди көргөндөн киийн журналисттерге маалымат берген Албаниз коркуу же жек көрүүнүн өлкөнү бөлүүсүнө уруксат бербеши керектиги тууралуу эскертти.

«Террористтер дал ушуну көздөп жатышат, бирок биз өлкөбүздүн бөлүнүшүнө жол бербейбиз. Биз биримдикте болобуз жана бул кыйынчылыкты бирге жеңебиз», - деди Албаниз.

15 адам каза болуп, 41 адам жараланды

Полиция кол салуунун жекшемби күнү кечинде Бонди пляжында 50 жаштагы киши менен 24 жаштагы уулунун элге карата ок атуусу менен башталганын билдирди. Кол салуудан 15 адам каза болуп, кеминде 41 киши жаракат алып, Сиднейдеги ооруканаларга жеткирилди.

Полициянын маалыматы боюнча, кол салгандардын бири окуя болгон жерде атып өлтүрүлгөн, ал эми оор жаракат алган экинчи кол салуучу камакта. Жетекчилер бул окуяны расмий түрдө "террористтик акт" деп таанып, ыктымалдуу себептерди жана байланыштарды иликтөөнү улантууда.

Австралияны дүрбөлөңгө салган бул кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтылып Сиднейдин түрдүү аймактарында желектер жарымга түшүлүрлдү жана дүйшөмбү күнү түнү менен жээкте эскерүү салтанаты өткөрүлдү.

Өлкө аза күтүүдө, жетекчилер кол салгандардын кандай ишке ашкандыгы тууралуу териштирүү уантылып жаткандыктан кошумча коопсуздук чараларынын күчүндө каларын билдирди.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат