ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Араб жана мусулман министрлер Израилди эскертти: Чыңалуу күчөшү мүмкүн!
Сегиз араб жана мусулман өлкөлөрү Израилдин өлүм жазасы тууралуу мыйзамындагы "дискриминацияга" көңүл буруп, сабырдуулукка жана жоопкерчиликке чакырышты.
Араб жана мусулман министрлер Израилди эскертти: Чыңалуу күчөшү мүмкүн!
Палестиналыктар 2026-жылдын 31-мартында оккупацияланган Батыш Шерианын Рамалла шаарында Израилдин өлүм жазасы мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыгышты. / Reuters

Түркия, Египет, Индонезия, Иордания, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министрлери бейшемби күнү биргелешкен билдирүүсүндө Израилдин палестиналык туткундарга өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуштаган мыйзамы аймактык чыңалууну олуттуу түрдө күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Сегиз өлкөнүн министрлери мыйзам палестиналык туткундарга гана тиешелүү экенин белгилеп: "Министрлер бул мыйзамдын, айрыкча палестиналык туткундарга карата басмырлоочу мамилени эске алганда, кооптуу эскалацияны түзөрүн баса белгилешти",- деп билдиришти. Билдирүүдө өзгөчө мындай чаралардын "чыңалууну андан ары күчөтүп, аймактык туруктуулукту бузууга" алып келери белгиленди.

"Израиль апартеид режимин орнотуп, адам укуктарын бузуп жатат".

Министрлер Израилдин күчөп жаткан дискриминациялык иш-аракеттери басып алынган Палестина аймактарында "апартеид (расалык дискриминация) системасын" орнотуу жана "Палестина элинин ажырагыс укуктарын жана алардын бар экенин четке каккан түшүнүктү" жайылтуу коркунучун туудуруп жатканын белгилешти.

Билдирүүдө камакка алуу шарттарына байланыштуу терең тынчсыздануулар да айтылып, төмөнкүдөй маалыматтар берилди: "Кыйноолор, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлаган мамиле, ачка калтыруу, негизги укуктардан ажыратуу сыяктуу уланып жаткан кыянаттыктар боюнча ишенимдүү маалыматтар бар. Бул иш-аракеттер Палестина элине карата жасалган кеңири масштабдагы укук бузуулардын бир көрүнүшү болуп саналат."

Эл аралык коомчулукка чакыруу

Министрлер Израилдин «палестиналыктарды бутага алган расисттик, дискриминациялык, репрессивдик жана агрессивдүү саясатына» каршы экендиктерин дагы бир жолу ырастап, токтоолукка чакырышты.

Оккупациялык держава Израилдин чыңалууну андан ары күчөтө турган чаралардан баш тартуусунун зарылдыгын баса белгилеп, министрлер жоопкерчиликти жана туруктуулукту сактоо жана кырдаалдын андан ары начарлашына жол бербөө үчүн эл аралык күч-аракеттерди күчөтүүгө чакырышты.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"