ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сиднейдеги Бонди Бичте куралдуу кол салуу: 12 адам каза болду
Премьер-министр Энтони Албанизе Австралиянын эң белгилүү пляжына кол салууну «таң калыштуу жана кайгылуу» деп мүнөздөп, полиция жана тез жардам кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатканда коомчулукту расмий көрсөтмөлөрдү аткарууга чакырды.
Сиднейдеги Бонди Бичте куралдуу кол салуу: 12 адам каза болду
Сиднейдеги Бонди Бичте ок атышуу болгондон кийин, куткаруучулар замбилде бир адамды алып баратышат. Жекшемби, 2025-жылдын 14-декабры. / AP

Австралиянын бийликтери жана жергиликтүү маалымат каражаттары жекшемби күнү Сиднейдин атактуу Бонди жээгиндеги массалык атышууда кеминде 12 адам каза болуп, бир нече адам жаракат алганын билдиришти. Бул акыркы жылдардагы өлкөдөгү эң кандуу атышуулардын бири деп эсептелди.

Жаңы Түштүк Уэльс полициясы эл көп чогулган жээкте ок атышуудан кийин бир нече адамдын өлүмүн тастыктап, эки шектүү кармалганын билдирди. Австралиянын телерадиоберүү корпорациясы (ABC) куралчан эки шектүүнүн бири полиция тарабынан өлтүрүлгөнүн, ал эми экинчиси кармалып, оор абалда экенин билдирди.

«Бондидеги кол салууда он эки адам каза болду», - деди Жаңы Түштүк Уэльстин премьер-министри Крис Миннс кыскача маалымат берип жатып. Полиция мурда 10 жабырлануучунун өлүмүн тастыктаганын, бирок алардын ким экендиги же кол салууга алып келген жагдайлар тууралуу маалымат дароо жарыяланбаганын кошумчалады.

Тез жардам кызматтары кол салуудан кийин кеминде 13 адам ооруканага жеткирилгенин билдирди. Алардын жаракаттарынын деңгээли айтылган жок.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе кол салууну «таң калыштуу жана кайгылуу» деп мүнөздөп, полиция жана тез жардам кызматкерлери адамдарды куткаруу үчүн иштеп жатканын айтты.

 Албанизе: «Мен жабыркаган ар бир адам менен биргемин жана аймактагы адамдарды Жаңы Түштүк Уэльс полициясынын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырам»,-деди.

Полиция коомчулукту операция уланып жатканда аймактан алыс болууга жана баш калкалоочу жай издөөгө чакырды.

Окуянын күбөсү, британиялык турист Тимоти Брант-Коулз AFP агенттигине окуя болгон жерде эки куралчан адамды көргөнүн айтып: «Атышуу болду, эки кол салуучу жарым автоматтык мылтык менен кара кийимчен болушкан»,-деди.

Австралиянын эң белгилүү туристтик жайларынын бири болгон, айрыкча дем алыш күндөрү сууда сүзүүчүлөр, серферлер жана коноктор көп болгон Бонби Бич өлкөнүн эң маанилүү шаары Сиднейдин чыгышында жайгашкан.

Бийлик өкүлдөрү кырдаал көзөмөлдө экенин, бирок териштирүү уланып жатканын жана андан ары жаңыртуулар күтүлүп жатканын билдиришти.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди