Президент Режеп Тайип Эрдоган 24-ноябрь Мугалимдер күнүнө карата Бештепе Улуттук Конгресс жана Маданият Борборунда өткөн "Мугалимдерге урмат көрсөтүү кечеси" программасында концерт койгон көркөм өнөр лицейинин окуучулары менен жолугушту.
Эрдоган кечээ өткөн программада АК партиянын Стамбул депутаты Йүжел Арзен Хажыогуллары жетектеген "Ким бар?" аттуу музыкалык жана театралдык концерт тартуулаган көркөм өнөр лицейинин окуучулары менен жолугушту.
Окуучулар менен баарлашып, фотосүрөткө түшкөн президент Эрдоган: "Баарыңарды куттуктайм. Абдан сонун аткардыңар. Мыкты", - деди.











