САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы өлкөлөргө соода саясатын чечүү үчүн чакырык салды
Кристалина Георгиева: "Өлкөлөр соода чыңалууларын мүмкүн болушунча тез арада чечүү үчүн конструктивдүү иштеп, ачыктыкты сактап, белгисиздикти жоюшу керек", - деди.
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы өлкөлөргө соода саясатын чечүү үчүн чакырык салды

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкаруучу директору Кристалина Георгиева бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө белгисиздик өтө кымбатка турарын баса белгилеп, соода саясатындагы чыңалууларды тез арада чечүүгө жана компромисске келүүгө чакырды.

ЭВФтин  2025  глобалдык саясат күн тартиби тууралуу өткөрүлгөн пресс  - жыйынында сөз сүйлөгөн Георгиева : «Чоң соода саясатындагы өзгөрүүлөр белгисиздикти  туу чокусуна жткирди, бул каржылык шарттар менен рыноктун туруксуздугунун күчөшү менен коштолду",-  деди.

Дүйнөлүк экономиканын түгөнгөн буферлер менен жаңы жана чоң сыноого туш болуп жатканын белгилеген Георгиева, бул абалдын өлкөлөрдү оор абалга кептегендигин айтты.  

"Өлкөлөр соода чыңалуусун мүмкүн болушунча тез арада чечүү үчүн конструктивдүү иштеши керек, ачыктыкты сактап, белгисиздикти жоюшу керек. Негизги оюнчулардын ортосундагы соода саясаты боюнча келишим абдан маанилүү", - деп кошумчалады.

Өсүүгө багытталган реформалар

Гиоргиева белгисиздик чөйрөсүндө комапиниялардын инвестиция салбагандыгын жана үй  - бүлөлөрдүн чыгымдын ордуна  үнөмдөп жаткандарын, мунун да алсыз өсүү перспективаларына терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтты.

Өлкөлөрдүн  ири экономикалардын ортосундагы чыңалууга алып келген дисбаланстарды жоюусу керектигин баса белгилеген Георгиева: «Кытай сыяктуу кээ бир өлкөлөр жеке керектөөнү көбөйтүү үчүн чара көрүп, кызмат көрсөтүү тармагына өтүшү керек. АКШ сыяктуу башкалары да бюджеттик тартыштыгын азайтышы керек»,-деди.

Георгиева бардык өлкөлөрдүн тарифтик жана тарифтик эмес соода тоскоолдуктарын азайтышы керектигин айтты.

Ал ошондой эле өлкөлөр экономикалык жана каржылык туруктуулукту сактоо үчүн кадамдарды ташташы керектигин белгилеп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн өсүүгө багытталган реформалардын маанисин белгиледи.

АКШнын Каржы министри Скотт Бессенттин Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк банкынын негизги миссияларына көңүл буруу чакырыгына токтолгон Георгиева АКШнын үнүнө чоң маани бергендерин, алдыда бир жолдун бар экенин жана бул темага көңүл бургандарын айтты.

 

 

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"