БУУ Израилдин Газадагы аскердик агрессиясы палестиналыктарга коркунуч туудуруп, гуманитардык муктаждыктарды тереңдетип жатканын эскертти.
БУУнун Башкы катчысынын орун басары Фархан Хак журналисттерге: "Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштер боюнча координация бюросу (OCHA) Газадагы аскердик чабуулдар палестиналыктарга коркунуч туудуруп, гуманитардык муктаждыктарды күчөтүп жатканын эскертет", - деп билдирди. Коопсуздук өнөктөштөрү жума күнүнөн бери көптөгөн ушул сыяктуу окуяларды катташканын, алардын бир нечеси жайкын тургундардын өлүмүнө алып келгени айтты.
Хак OCHA эл аралык гуманитардык укуктун алкагында карапайым тургундарды жана жарандык инфраструктураны коргоо зарылдыгын кайталай турганын кошумчалады.
Фархан Хак Газада жарылуучу коркунучтар менен күрөшүп жаткан гуманитардык жардам топтору 2023-жылдын октябрь айында жаңжал башталгандан бери аймакта 1000ден ашык жарылуучу снаряддарды аныктаганын; алардын иш-аракеттери таштандыларды тазалоого, маанилүү инфраструктурага жетүүнү камсыз кылууга жана суу менен санитардык жайларды калыбына келтирүүгө салым кошконун айтты:
"Гуманитардык жардам өнөктөштөрү бул өмүрдү сактоочу кызматтарды кеңейтүү жана балдар менен гуманитардык кызматкерлерди кошо алганда, жайкын тургундар туш болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн Газага кеңири түрдөгү зарыл болгон жабдууларды жана атайын жабдууларды киргизүү зарылдыгын баса белгилешет".
Газада 2023-жылдын октябрынан бери 73 000ден ашык палестиналыктын өмүрүн алып, 174 000ден ашык адамды жаралаган Израилдин геноциддик согушун токтотуу үчүн ок атышпоо келишимине жетишилди.
Израилдин геноциддик согушу аймактагы жарандык инфраструктуранын 90 пайызына таасир эткен ири кыйроолорго алып келди; БУУ калыбына келтирүү чыгымдарын 70 миллиард долларга жакын деп болжолдоодо.
















