Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Хён Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өз өлкөсүнүн АКШ менен Ирандын ортосундагы согушка кийлигишүү же аймакка аскерлерди жөнөтүү ниети жок экенин билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, эки министр бүгүнкү телефондук сүйлөшүүсүндө эки тараптуу мамилелерди жана аймактагы акыркы окуяларды талкуулашты.
Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо өз өлкөсү аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту колдой турганын, Сеул администрациясынын АКШ менен Ирандын ортосундагы согушка кийлигишүү же аймакка аскерлерди жөнөтүү планы жок экенин айтты.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аракчи аймакта чет элдик күчтөрдүн болушу тууралуу эскертип, бул аймактык туруктуулукка жана коопсуздукка салым кошпойт, тескерисинче чыңалууну күчөтүп, чыр-чатактардын көлөмүн кеңейтет деп билдирди.
Түштүк Корея өкмөтү каракчылыкка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн деңиз бөлүгүнүн операциялык аймагын Ормуз кысыгынын жанына чейин кеңейтүүнү көздөп жатат.
Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн каракчылыкка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн деңиз бөлүгү Чонхэнин операциялык аймагын кеңейтүүнү жана Ормуз кысыгынын жанына кошумча аскердик каражаттарды жайгаштырууну карап жатканы айтылган.















