Түркия Египеттин Гиза провинциясында мунай ташыган танкерде чыккан өрттөн каза болгондорго байланыштуу Египет элине көңүл айтты.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан жазуу жүзүндөгү билдирүүдө кырсыктан каза болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтылды.
«Кырсыктан каза болгондорго Кудайдын ырайым тилейбиз, үй-бүлөлөрүнө жана Египет элине көңүл айтабыз. Ошондой эле жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», — деп айтылды билдирүүдө.
СУНУШТАЛАТ
Маалыматка караганда, Египеттин борбору Каирдин батышындагы Гиза шаарында айланма жолдо мунай ташыган танкерден өрт чыгып, анын кесепетинен 31 адам каза болуп, 21 адам жаракат алган.














