Ирактын соту ДЕАШ террордук уюмуна мүчө болгондугу үчүн сегиз француз жаранын өмүр бою эркинен ажыратууга, дагы эки адамды 15 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.
Ирактын сот булактарынын маалыматына караганда, Сирияда ДЕАШка мүчө болгон деген шек менен кармалып, Иракка өткөрүлүп берилген 47 француз жаранынын иши каралды.
10 айыпталуучуга карата өкүм чыгаруу кийинкиге жылдырылды. Сот процесси сентябрь айында башталган.
Буга чейинки сот отурумдарында дагы 15 айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылып, бир адам 15 жылга кесилген.
Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө айыпталуучулардын көпчүлүгү өздөрүнө коюлган айыптарды мойнуна алып, ДЕАШ террордук уюмуна кошулганына өкүнүшкөнүн билдиришкен.
Айрым айыпталуучулар Францияга экстрадициялоону суранышса, башкалары куралдуу аракеттер Сириянын аймагында гана болгонун белгилеп, Иракта соттолууга каршы чыгышкан.
Бирок Ирак өкмөтү айыпталуучуларды терроризмге каршы мыйзамынын негизинде куугунтуктап, уюмдун ишмердүүлүгү Иракта же Сирияда жүргүзүлгөнүнө карабастан, ДЕАШка кошулууну кылмыш деп эсептейт.
Булак: Ирактын юстиция булактары














