Испаниянын бардык ири шаарларында миңдеген адамдар суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан, аялдарга карата зомбулукка каршы демонстрацияга чыгышты.
Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө карата Испанияда ири масштабдуу митингдер өттү.
Суук жана жамгырга карабастан миңдеген адамдар гендердик зомбулуктун, гендердик теңсиздиктин жана жек көрүүчүлүк сөздөрүнүн уланышына каршы чыгышты.
Эң көп катышуучу болгон борбор калаа Мадридде шаардын ар кайсы жерлеринде эки башка саясий топ бир эле учурда демонстрацияларды өткөрүштү.
Шаардын борборунун бир бөлүгүндө солчул Подемостун жана солчул партиялардын жаңы альянсы Кең фронттун жактоочулары, ал эми башка бөлүгүндө Социалисттик жумушчулар партиясынын (PSOE) жана негизги оппозициялык оңчул Элдик партиянын (PP) өкүлдөрүнөн турган топ жүрүшкө чыгышты.
Барселона, Севилья жана Бильбао сыяктуу Испаниянын башка ири шаарларында да жогорку катышуусу байкалды.
Ошол эле учурда, кечээ Мурсияда 32 жаштагы аялдын өлтүрүлүшү менен бирге Испанияда күйөөлөрү же өнөктөштөрү тарабынан жасалган зомбулуктун кесепетинен быйыл каза болгон аялдардын санын 48ге жетти.














