ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
2023-жылдын октябрь айынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун саны 74 746га жетти.
Акыркы 48 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан он сегиз палестиналык каза болду
Израилдин Газага акыркы 48 саатта жасаган чабуулдарынан 18 палестиналык каза болду / Anadolu Agency (Wire)
 

Ок атышууну токтотуу келишимине карабастан, Израилдин Газа тилкесиндеги Дейр эл-Балах шаарындагы бир үй менен Шати жана Бурейж качкындар лагерлерине жасаган чабуулдарынан кеминде алты палестиналык каза болду.

Газанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Аль-Акса шейиттери ооруканасынын булактарынын маалыматына караганда, Израиль армиясынын Дейр эл-Балах шаарындагы үйдү бомбалоосунан эки палестиналык каза болду.

Күбөлөр жана жергиликтүү булактар каза болгондордун 56 жаштагы Халид Махмуд Абу Нада жана анын 49 жаштагы жубайы Абир экенин билдиришти. Ошондой эле Халид Абу Нада Газа тилкесинде билим берүү министринин орун басары кызматын аткарганы белгиленди.

Чабуулдан кийин Израиль армиясы берген маалыматта Газада Хамастын жогорку кызматтагы өкүлүн бутага алганын маалымдады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Исраэль Кац да Халид Абу Наданын Хамастын курамында билим берүү жана экономика багыттарынан жооптуу болгонун айтышты.

Нетаньяху менен Кац октябрь айында Газа тилкесинде Хамастын 80 кызматкери жана активистине каршы чабуулдар жасалганын билдиришкен.

Израиль армиясы Бурейж жана Шати качкындар лагерлерин буга алды

Шифа ооруканасындагы булактардын маалыматына караганда, Израиль армиясына таандык бир дрон Газанын түндүгүндөгү Шати качкындар лагеринде жарандарды бутага алды.

Кол салууда 3 киши каза болуп, бир киши жаракат алды.

Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Бурейж качкындар лагеринде да Израиль армиясы аткан октон 1 палестиналык каза болду.

Израиль армиясы Мегази качкындар лагеринин чыгышындагы үйлөрдү жана имараттарды талкалады

Мындан тышкары, Израиль армиясы Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Мегази качкындар лагеринин чыгышында, басып алынган аймактарга жакын жайгашкан палестиналыктардын үйлөрүн жана имараттарын талкалады.

Буга чейин Газа шаарынын Туффах конушунда түн ичинде Израиль армиясынын учкучсуз учагы менен жасалган соккудан үч адам каза болуп, дагы эки адамдын жаракат алганы маалымдалган.

2025-жылдын 10-октябрында Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенине карабастан, Израиль армиясынын аймактагы чабуулдары уланууда.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенден бери Израилдин чабуулдарынан 1 679 палестиналык каза болуп, 6 100 адам жаракат алган.

Ал эми 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун жалпы саны 74 746га жетип, жаракат алгандардын саны 176 234тү түзгөн.

Булак: Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү

Иликте
Судан армиясы Түштүк Кордофанда бир дронду атып түшүргөнүн билдирди
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды
Египетте күйүүчү май танкериндеги өрттөн 31 адам каза болду
Россия: "Украинага чет элдик аскерлердин жайгаштырылышына жол берилбейт"
Германиянын канцлери Мерц: "Орусия Украинадан алда канча көптү талап кылып жатат"
Президент Эрдоган көркөм өнөр лицейинин окуучулары менен жолугушту
Иран Перс булуңунун үстүндө АКШнын MQ-9 жана Лукас дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Паландөкен экономикалык форуму Эрзурумда өтөт
Нигерде Боко Харамдын кол салуусунан 11 аскер каза болду
Түрк делегациясы Анкарада Хафтар жана анын делегациясы менен жолугушту
Германияда солчул депутаттар Берлинде Моссаддын мурдагы башчысына каршы чыгышты
Пхеньян балдар лагерине каршы санкциялар боюнча Швейцариянын элчисин өлкөдөн чыгарды