Пакистандын түштүгүндө курулуп жаткан имараттын кулашынан үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алды.
Geo News маалыматы боюнча, Синд провинциясынын Карачи шаарында курулуп жаткан алты кабаттуу имарат кулап түштү.
Издөө-куткаруу кызматкерлери урандылардын астында үч адам каза болуп, 14 адам жаракат алганын жарыялашты.
СУНУШТАЛАТ
Полиция имараттын ээси, подрядчы жана кызмат адамдары менен кошо 10 адамга шалаакылык кылып өлүмгө алып келген деген айып тагылып, бул адамдардын 4өө кармалганын маалымдады.
Синддин башкы министри Мурад Али Шах басма сөзгө имараттын бир гана кабатка уруксаты бар экенин, бирок алты кабаттуу курулуш катары курулганын айтты.
Шах күнөөлүү адамдарга чара көрүүгө чакырды.














