Cомалиге карата даярдалган гуманитардык жардам планынын 36 пайызы гана каржыланганы кабарланды. Натыйжада жардам көрсөтүү пландалган 2,4 миллиондон ашык адамдын кеминде 1,4 миллиону керектүү жардамды ала албаганы билдирилди
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгынын (OCHA) кызматкерлери Сомалиде миллиондогон адамдардын керектүү жардам ала албай жатканын эскертишкен. Каржылоонун жетишсиздиги жана гуманитардык жардам жеткирүүдөгү чектөөлөр БУУну жана өнөктөштөрүн өлкөдөгү ишмердүүлүгүн кыскартууга мажбурлоодо.
«Жылдын аякташына саналуу жумалар калганда, жалпы көлөмү 852 миллион долларды түзгөн гуманитардык жардам планынын 36 пайызы гана каржыланды. Азырынча 306 миллион доллар жетишпейт», — деди Дюжаррик.
Анын маалыматына караганда, ушул жылдын январь-октябрь айларында БУУ жана өнөктөштөрү болжол менен 920 миң адамга жардам жеткиришкен. Бул жардам көрсөтүү пландалган 2,4 миллиондон ашык адамдын 38 пайызын гана түзөт.
«Демек, кеминде 1,4 миллион адам керектүү жардамды албай жатат. Азык-түлүк жардамынын көлөмү да кескин кыскарды», — деп белгиледи БУУнун өкүлү.
Дюжаррик өлкөдө гуманитардык жардам алган адамдардын саны январь айындагы 1,1 миллиондон ашык көрсөткүчтөн июль-сентябрь айларында айына орточо 411,5 миң адамга чейин азайганын билдирди. Ошондой эле каржылоонун жетишсиздигинен улам өлкө боюнча кеминде 233 тамактануу борбору жабылганын кошумчалады.
«Иштеп жаткан жардам көрсөтүү программаларын сактап калуу жана мындан аркы кыскартууларга жол бербөө үчүн кошумча каражаттарды тез арада бөлүү зарыл. Болбосо, дагы көптөгөн адамдар өтө маанилүү жардамдан куру калуу коркунучуна туш болушат», — деди ал.
Булак: БУУ Башкы катчысынын расмий өкүлүнүн басма сөз conferenциясы














