Өткөн жылы Газада Израилдин аба соккусунан каза болгон палестиналык согуш кабарчысы Мариам Абу Даггага штаттан тышкаркы видеожурналисттер үчүн берилүүчү белгилүү Рори Пек сыйлыгы ыйгарылды.
Рори Пек фонду билдиргендей, Абу Дагга бул сыйлыкка Associated Press (AP) агенттигиндеги кесиптештери Абдель Карим Хана жана Жехад Альшрафи менен бирге ылайык көрүлдү. Алар Палестина аймагындагы согуштун адамдык кесепеттерин чагылдырган таасирдүү репортаждары үчүн сыйланышты.
2025-жылдын август айында Газанын түштүгүндөгү Нассер ооруканасына жасалган Израилдин аба соккусунан каза болгон Абу Дагга 33 жашта эле. Ал ошол чабуулда каза болгон төрт журналисттин бири болду.
Көз карандысыз фотограф жана видеожурналист Абу Дагга 2023-жылдын октябрында башталган Израилдин Газадагы согушу учурунда AP агенттиги менен кызматташып, аймактагы окуяларды чагылдырып турган.
Associated Press (AP) генттигинин башкы редактору Жули Пейс журналисттердин коомчулукту маалымдоодогу маанилүү ролун белгилеп, алардын бул иште көп учурда жеке өмүрүн тобокелге саларын айтып: «Журналисттер окуяларды документтештирүүдө жана коомчулукка маалымат берүүдө маанилүү роль ойношот. Алар бул милдетти көп учурда өз өмүрүн тобокелге салып аткарышат. Мариамды, ошондой эле бул жана башка кагылышууларда каза болгон бардык журналисттерди эскеребиз. Алардын өлүмүнө байланыштуу чындыкты ачыктоого болгон аракетибизди улантуудабыз», — деди.
1995-жылдан бери ыйгарылып келе жаткан Рори Пек сыйлыгы 1993-жылы Москвадагы конституциялык кризисти чагылдыруу учурунда каза болгон штаттан тышкаркы видеожурналист Рори Пектин элесине арналган. Сыйлык дүйнө жүзүндөгү штаттан тышкаркы журналисттердин эрдигин, көз карандысыздыгын жана кесиптик салымын жогору баалайт.














