ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды
Франциянын билим берүү министри Эдуард Геффрей эки айдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан лицей акцияларына байланыштуу 400дөн ашык окуучу мектептен чыгарылганын жарыялады.
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды
Франциядагы нааразылык акцияларында 500гө жакын окуучу жаракат алды / Anadolu Agency (Wire)
 

Эдуард Геффрей Сенаттын маданият, билим берүү, коммуникация жана спорт комитетинде орто мектептердеги нааразычылык акциялары боюнча билдирүүлөрдү жасады.

17-сентябрда башталган лицей акциялары учурундагы зордук-зомбулук окуялары боюнча тартиптик чаралар көрүлгөнүн баса белгилеген Геффрей, 3000 окуучуга карата тартиптик иш козголгонун эске салды.

Геффрей нааразычылык акциялары учурундагы зордук-зомбулук окуяларынан улам 400дөн ашык окуучу мектептен чыгарылганын, болжол менен 500 окуучу жана 290 билим берүү кызматкери жаракат алганын билдирди.

Өлкөдөгү орто мектептердин үчтөн экиси нааразычылык акцияларынан таасирленгегине көңүл бурган Эдуард Геффрей ошондой эле орто мектеп окуучуларынын басымдуу көпчүлүгү мыйзамдуу талаптарды коюп жатканын айтты.

Франциядагы орто мектеп окуучулары 17-сентябрдан бери билим берүү шарттарын жакшыртуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруп келишет.

Иликте
Фенербахче Чемпиондор Лигасында Шахтер Донецкти 1:0 эсебинде жеңди
Испанияда суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан миңдеген адамдар нааразычылык акциясына чыгышты
Израиль Газада өлтүргөн палестиналык журналист Рори Пек сыйлыгы менен сыйланды
Франциядагы нааразычылык акцияларында 500 окуучу жаракат алды
Египетте күйүүчү май танкериндеги өрттөн 31 адам каза болду
Россия: "Украинага чет элдик аскерлердин жайгаштырылышына жол берилбейт"
Германиянын канцлери Мерц: "Орусия Украинадан алда канча көптү талап кылып жатат"
Президент Эрдоган көркөм өнөр лицейинин окуучулары менен жолугушту
Иран Перс булуңунун үстүндө АКШнын MQ-9 жана Лукас дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Паландөкен экономикалык форуму Эрзурумда өтөт
Нигерде Боко Харамдын кол салуусунан 11 аскер каза болду
Түрк делегациясы Анкарада Хафтар жана анын делегациясы менен жолугушту
Германияда солчул депутаттар Берлинде Моссаддын мурдагы башчысына каршы чыгышты
Пхеньян балдар лагерине каршы санкциялар боюнча Швейцариянын элчисин өлкөдөн чыгарды
2030-жылга чейин дагы 18 шаар жогорку ылдамдыктагы темир жол менен туташтырылат