Австралиянын батышындагы Шарк-Бей булуңунда жашаган Индо-Тынч океан бөтөлкө тумшук дельфиндерин изилдеген окумуштуулар алардын социалдык мамилелери менен жашоо узактыгынын ортосунда байланыш бар экенин аныкташты.
PLOS Biology илимий журналында жарыяланган изилдөө дээрлик 40 жыл бою чогултулган он миңдеген байкоолорго негизделген.
Окумуштуулар ар бир дельфинди өзүнчө аныктап, алардын өмүр бою кайсы топтор менен көбүрөөк убакыт өткөргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, бекем жана туруктуу социалдык байланыштарын сактап келген дельфиндердин узаак жашоого жакын экени аныкталды.
Социалдык мамилелердин да тобокелдиктери бар
Изилдөөнүн башкы автору Келли Миэндин айтымында, дельфиндер жашы өткөн сайын убакыт өткөрө турган топторду тандоочулугу арта турганын белгиледи.
Социалдык байланыштар дельфиндерге маалымат алмашууга, бири-бирине жардам берүүгө жана бекем мамилелерди түзүүгө шарт түзөт. Бирок чоң топтордо жашоонун да тобокелдиктери бар. Алардын катарына оорулардын жайылышы жана стресстин күчөшү кирет.
Изилдөөдө эркек дельфиндер өмүрүнүн бардык баскычтарында ургаачыларга салыштырмалуу чоңураак топтор менен убакыт өткөрөрү аныкталган. Ал эми ургаачы дельфиндер көбүнчө туугандары жана тамактануу адаттары окшош болгон башка дельфиндер менен чогуу жүрөрү байкалган.
Дельфиндердин социалдык жашоосу адамдарга окшош
Деңиз сүт эмүүчүлөрүн изилдеген адис Майк Боссли дельфиндердин коомдук жүрүм-туруму адамдардыкына окшош жактары бар экендигине көңүлдөрдү бурду.
Анын белгилешинче, ар бир дельфиндин өзүнө гана мүнөздүү баарлашуу жана мамиле түзүү ыкмасы бар. Ошондой эле адамдардагыдай эле, дельфиндердин ортосундагы мамилелер да убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат.
Булак: PLOS Biology журналында жарыяланган изилдөө.














